Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

АПТАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ: “КЫРГЫЗСТАН – ТУРИЗМ ӨЛКӨСҮ”


Дүйшөмбү күнү Бишкекте “Туризм жана саякат - BITF 2008” жарманкеси жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү ачылды. Анда Кыргызстандын облустарынан келген чеберлер кол өнөрчүлүктөн жаралган буюмдарын коюшту. Ошондой эле тайган салып, куш таптаган мүнүшкөрлөр да катышып, Египет, Түркия, Болгария, Өзбекстан, Казакстан өлкөлөрүнөн өкүлдөр келген.

Дүйнөлүк коомчулукка Кыргызстанды туризм өлкөсү катары таанытуу жана ушул жааттагы мүмкүнчүлүктөрүн даңазалоо менен бирге инвесторлорду тартуу максатын аркалаган бул иш-чара үч күнгө созулуп, Ысыккөлдө жыйынтыкталды. Бул жарманке Туризм боюнча мамлекеттик агентиктин бул жылга белгилеген алгачкы иш-чарасы. Алдыда дагы кыргыз элинин маданиятын, үрп-адат, каада-салттарын чагылдырган фестивалдарды уюштуруу максаттары бар.



Шейшембиде Бишкек шаарынын 130 жылдык мааракесине карата Раззаковдун үй музейинде “Пишпек-Фрунзе-Бишкек” деген аталыштагы көргөзмө ачылды. Анда эски Пишпек шаарын, андан соң Фрунзе болуп аты өзгөргөндөн кийинки көрүнүшү, жана учурдагы Бишкек шаары, борбор калаадагы имараттарды чагылдырган эмгектер коюлган. Көргөзмөнүн көрүүчүлөрү ошондой эле борбор калаага келип отурукташкан башка улуттардын колдонгон буюмдарын да көрө алышат.



Бейшемби күнү “Учур” телетеатрынын Ысыккөл жергесине болгон гастролу башталды. Артистер театр күйөрмандарына Мар Байжиевдин “Тил табышкандар” жана Иброгим Содиковдун “Апендинин беш аялы” аттуу комедиясын тартуулашууда. Буга чейин аталган театрдын чыгармачыл жамааты Нарын жергесин кыдырышкан. Театрдын жетекчиси Шаршебек Шейшеновдун айтуусунда көлдөн кайтып келишкенден кийин Түркияда өтүүчү фестивалга даярдыктарды көрүшөт.

Жапониянын Токио шаарында бул жумада орус маданият фестивалы уюштурулду. Анда театралдык, бий, ыр чыгармачыл жамаатардын жана орус цирк өнөрпоздорунуну номерлери тартууланып, орус кинорежиссерлорунун тасмалары сунушталган. Орусиянын Токиодогу кеңешчиси Михаил Галузин бул иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы алакалардын бекемделишине чоң салым кошоорун айтып, фестиваль мындан ары да уланаарын белгилеген.

Эртең белгилүү жазуучусу Михаил Шолоховдун туулган күнүнүн 103-жылдыгына карата Москвадагы Балакирев атындагы көркөм өнөр мектебинде арналган “Шолохов жазы-2008” фестивалы өтөт. Жаш муундарды жазуучунун чыгармачылыгы менен тааныштыруу максатын аркалаган фестиваль быйыл алтынчы ирет өтөт. Уюштуруучулар билдиргендей бул жолу иш-чарага катышууну каалагандардын саны үч миңге жеткен.

Канн кинофестивалынын программасына дагы үч фильм кирди. Атай кетсек алар АКШлык кинорежиссер Джеймс Грей, француз режиссеру Лоран Канте жана Бразилиялык Фернандо Мейреллестин фильмдери. Андыктан баш байге үчүн 22 толук метраждуу көркөм фильм сунушталмакчы.

Владимир Путин канадалык илимпоздор Андрей Донсковду жана “Торонто” университетинин профессору Донн Орвинди Пушкин төш белгиси менен сыйлады. Аталган окумуштуулар бул сыйлыкка орус тилин жана адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн татыктуу болушкан.
XS
SM
MD
LG