Ишканага өткөн жылы 115,7 млн сом таза киреше түшкөн. Бул 2006-жылга салыштырмалуу 27 млн сомго көп. Ошондой эле “Кыргызалтын” АК 2007-жылы мамлекеттик бюджетке 285 млн сом салык төлөгөн. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы кабарлады. (ZKo)