Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:56

Аба ырайы: 5-майда Кыргызстандын айрым облустарында жамгыр жаайт


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 5-майда Кыргызстандын айрым облустарында жамгыр жаайт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24 градус.
Талас, Нарын дубандарында түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25 градус.
Ош, Жалалабат облустарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28 градус.
Ысыккөл өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +14...+19 градус болот.
Бишкекте ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +8...+10, күндүз +21...+23 градус.

Күндүн узактыгы: 14 саат, 16 мүнөт.

XS
SM
MD
LG