Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:15

РЫСПАЙ ИСАКОВ: “БИЙЛИК ТӨБӨЛДӨРҮ “МАНАСТЫ” УНУТУП КОЮШКАН”


“Азаттыктын чыгармачылык кечесинде” акын жана манасчы Рыспай Исаков “Манас” айтып атканда орусча сөздөрдүн кошулуп кеткен учурларын, эмне үчүн жайкы ысык менен кышкы суукта өзү калпакчан жүргөндүгүн, АКШда чыгармачылык сапар менен болгондо алар “Манастын” эмнесине таң калгандыгын айтып берет.

Алып баруучу: -Рыспай Исаков жолугушуу-кечени айыл темасындагы поэтикалык саптары менен баштады.

Рыспай Исаков: -Ыр дүйнөгө болгон ышкыңар түгөнбөсүн, ыр дүйнөгө болгон ышкыңар үйөрлөсүн. Сиздер үчүн “Айыл музыкасы” деген ыр.

Илгерки-и бир зикир чалган шамандай,
Иттер үрсө түн жаңырта арсылдап.
Эрте менен азан айтып жаткандай,
Эшектери обон созот заңкылдап.

Койлор ырдап коңур үндүү хор менен,
Уйлар мөөрөйт арияны айткандай.
Аргымагы солист сымал кишенеп,
Актриса болот эчки шайтандай.

Таранчылар конгон токтун зымына,
Ноталардай сызыктарга тизилген,
Чаташтырбай дирижёрдой башкарат,
Чабалекей – дирижёрдой кийинген.

Ооз комузун чертсе таңда чегиртке,
Ойгонушуп, ишке кетет аталар.
Арабасын айдап бара жатканда,
Оркестрдей чак-чук этет такалар.

Шыңкылдашса сууга келген жеңелер,
Шыңгыр-р этип обон коштой чакалар.
Бейгам жат деп, бешик болуп терметип,
Бейпил түндүн ырын ырдайт бакалар…


Алып баруучу: - Рыспайга суроо узатыңыздар.

Албина: - Рыспай, сен эмне үчүн кышын-жайын калпакчан жүрөсүң? Чогулушта да?

Рыспай Исаков: - Биринчиден, бабалардын бизге таштап кеткен ыйык калпагы кышкысын жылуу кармайт башты, жайкы аптапта ысык өткөрбөйт. Ошон үчүн баштан түшүрбөймүн. Экинчиден, бул жөн эле баш кийим эмес, кыргыздын улуттук сыймыгы. “Ак карлуу тоону мекендеген ак калпактуу эл элек” деп, ошону унутпай жүрүш үчүн, аны башкаларга эстетип туруш үчүн дайыма калпак кийип жүрөм мен!

Алып баруучу: - Рыспай, Албинанын суроосунда башыңызда жаап-жашырган бир нерсе... кемтик-такырлар жокпу деген да маани болуш керек эле?

Рыспай Исаков: - “Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы аял ашын жашырбайт” дейт эмеспи. Кем-кетигибиз деле жок. Кем-кетик – баштын сыртында болсо мейли, эң негизгиси, ичинде кемтик болбосо деп тилеймин.

Алып баруучу: - Жакшы, анда ошол баш жараткан ырларыңдан дагы бирди окусаң.

Рыспай Исаков: - Студенттик күндөрдө жалгыз шымды үтүк менен күйгүзүп алып – бир ыр жаздым эле. Аты – “Курмандык”.

Үлүл сымак кырк жыл ашпай бир кырды,
Үшкүргөнчө ойлор ээлеп миң жылды.
Үмүт менен ойго кылып курмандык,
Үтүк менен «мууздап» салдым бир шымды.

Өкүт болуп келе калган ыр жаңы,
Өкүндүрдү кыялымдын кылганы.
Өлүм жыты мурунду өрдөп «бур-р!» этип,
Өлдү, «чыр-р-р!» деп чыгып кетти шым жаны.

Ойлонбосом мүмкүн эле соо калууң,
Ойлор болду башталышы кооганын.
Опол тоодой бел болчусуң белиме,
Ойрон шымым, түштү бүгүн доораның.

Кийген кезде майрам эле аймагым,
Киши колдуу, кокус жерден жайрадың.
Кирдегениң билдирбестен турчу элең,
Кир көтөрүм кайран шымым, кайраным!

Белге таңуу жалгыз элең мен үчүн,
Бердиң далай үзүр менен жемишиң.
Бересем бар, аласам жок, акым жок,
Берен калгыр, болсун эми бейишиң…


Алып баруучу: - Кайрадан суроо.

Жорокул: - Рыспай агай, “Манас” айтып Америкага чейин бардыңыз. Чет элдиктер кандай кабыл алат экен “Манасты”?

Рыспай Исаков: - Америка, Англия, Орусия, Казакстанды кыдырып келдик “Манастын” арты менен. Бардык жерде бирдей көрүнүш бар – аябай таңдануу менен кабыл алышат. Дүйнөдө “Манастай” жандуу эпос калбай калыптыр да. Жандуу эпос дегенибиз – эки дүйнөнү эңшерчүдөй эмоция менен айткан айтуучулары бар мунун.

Биздин “Курманбекти” комуз менен ырдагандай, улуттук музыкалык аспаптарынын коштоосунда айрым эпосторун ырдашат башка элдер. Бирок буркан-шаркан кайнап, эпос айтышпайт эч улутта. Ошон үчүн “Манас” айтканда – бул күч сырттан келет экен деп түшүнүшөт. Биздин өзүбүздү да аябай ыйык көрүшүп, кармап көрсөк болобу сизди деп калтырашат.

Алып баруучу: - Рыспай, “Манас” айтып атып – орусча сөз колдонуп ийген учуруң болду беле?

Рыспай Исаков: - Көп болот. Бир жолу Ашыкем эскертти – “ыштан” деген сөз орустуку деп. Саякбай атабыз деле: “ Кейип ыйлап Чыйырды Керебетке жыгылды”, - деп айтып алыптыр.

Барктабас: - Рыспай, сенин байкооңдо “Манасты” чоң кызматтагылар, алардын аял-балдары түшүнөбү?

Рыспай Исаков: - Бул өтө көйгөйлүү маселе. Бийлик төбөлдөрү Тазбаймат Манасты унуткандай, “Манасты таптакыр эле түшүнүшпөйт. Бир сабын деле билишпейт. Адам жанына күч келгенде “Кудай... Кудай...” дегендей, элге жагыш үчүн калп эле “Манас... Манас...” деп коюшат. Кыргыз сыртка чыкканда эле “Манасыбыз” бар деп мактанат. Манасчылардын бирикмесин түзөлү десек, азыркы бийликтин эч кимиси колдобой койду.

Элзат: - Сиздин манасчы катары элден эмне айырмаңыз бар?

Рыспай Исаков: - Мага ичкенге болбойт. Ал тургай дары сууларды, газ сууларды, таттуу сууларды да ичпейм. Кээде “Манасты” көпкө чейин айтпай калганда жин оору болгондой мээм чыңалып, кыйналып же ооруп-сыркап калам. Ошон үчүн ичтегини элге айтып, жеңилдеп турушум керек

Алып баруучу: - Кызыктуу маегиңе ырахмат.

Кечени алып барган Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG