Абхазиянын аба мейкиндигинен эки учак атып түшүрүлгөн соң кырдаал күчөп кетпеши үчүн, Буштун администрациясы тараптарды сабырдуулукка чакырып жатат. Расмий Вашингтондун өкүлү Тони Фратто “АКШ аймактагы ар бир адамды кырдаалды курчутпоого чакырат” деп билдирүү жасады.