Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

8-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1920-жылдын 8-майында Түрккомиссия, Элдик комиссарлар Совети, ТүркЦИК жана Атакаруу комитети менен Аткаруу бюронун биргелешкен жыйынында «кыргыз маселеси» боюнча атайын токтом кабыл алынган.

Түрккомиссия, Элдик комиссарлар Совети, ТүркЦИК жана Аткаруу комитети менен Аткаруу бюронун 1920-жылдын 8-майында өткөрүлгөн биргелешкен жыйынында «кыргыз маселеси» боюнча атайын токтом кабыл алынды. Анда Жети суудагы кулактардын ашкере таасирин жоюу, тамак-аш проблемасын чечүү, маданий-агартуу чараларын жүзөгө ашыруу сыяктуу олуттуу маселелер каралган.

Кыргыз Илим комиссиясынын 1926-жылдын 8-май күнкү жыйынында «Областтык музейди уюштуруу» маселеси каралды. Жыйында музейди уюштуруш үчүн имарат бөлүнүшүн өтүнүү, Орто Азия Башкы илим бирикмесинен керектүү экспонаттарды суроо жана областтык коллегиядан жаңы музейди Алмата музейинен бөлүү сыяктуу маселелер каралды.

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков 1973-жылы бу күндөрү Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Т. Усубалиев менен экинчи катчы Тартышевге кат менен кайрылган. Катта кыргыз адабиятынын абалы, улуттук колориттен айрылган Фрунзе шаарынын архитектурасы, кыргыз тарыхы жана эне тил көйгөйлөрү көтөрүлөт. Атактуу жазуучу ошол кездеги партиялык диктатка карабастан улут безерлерге жана чагымчылдарга каршы чара көрүү сыяктуу олуттуу маселелерди кабыргасынан койгон.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу пасхалык Ырайым от 2003-жылдын 8-майында Бишкек шаарына алынып келди.

8-май Кызыл крест жана Кызыл жарым ай күнү катары белгиленет. Ал 1828-жылы жарык дүйнөгө келген швейцариялык гуманист Анри Дюнандын урматына коюлган. Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган. 1863-жылы анын чакырыгы боюнча конференция уюштурулуп, ал жыйында Кызыл крест уюму уюшулган.

Кызыл крест жана Кызыл жарым ай уюмдары Советтер союзунда 1925-жылы курулуп, анын ишкердиги Кыргызстан аймагына да тараган. Эгемен Кыргызстанда азыр аталган уюмдар кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашырышып, миңдеген адамдар алардын камкор кайрымдуулугуна иш жүзүндө күбө болуп келишет.

8-май Европа өлкөлөрүндө фашизмден кутулуу күнү катары белгиленет. Фашисттик Германия ортоңку Европа убактысы боюнча 8-май күнү 23 саат 01 минутада толук капитуляцияланган. Ал эми бу маалда СССР аймагында 9-май күнү келгендигине байланыштуу Жеңиш күнү 9-майда майрамдалып калган.
XS
SM
MD
LG