Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

19:34 Чүйдөгү дыйкандар быйыл кант кызылчасын былтыркыга караганда алты эсе аз айдашкан


Кант кызылчасы 2006-жылы 13 миң гектарга, 2007- жылы 6628 гектарга айдалган болсо, быйылкы жылдын эсебинен 761 гектарга гана айдалган. Бул туурасында аймактагы дыйкандар менен болгон жолугушуу учурунда билдиришти. Былтыр дыйкандардын бир жылдык эмгеги күйүп кеткен. Быйыл кант кызылчасынын ордуна дан эгиндери арбын айдалган. «Чүйдөгү ири заводдордун бири болгон Кайыңды-Кантка орусиялыктар ээ, Сокулуктагы «Кошой» кант заводу болсо иштебей турат. Токмоктогу кант заводу эчак эле жер менен жексен болуп калган. "Заводдор жеке менчикке берилип калган үчүн жергиликтүү бийликтин жаңы кожоюндарга тили өтпөй жатат",- деди айыл чарба жана жаратылышты коргоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Өмүрбек Караев. (JJ)

XS
SM
MD
LG