АКШ командачылыгынын билдиргенине караганда, бригаданын 3500 жоокери чыгарып кетүү иши алдыдагы бир нече аптада жүргүзүлөт. Мурда мерчемделген планга ылайык, былтыр Иракта күчөп кеткен ич-ара араздашууну токтотуу үчүн кошумча киргизилген беш бригаданы же 20 миң жоокерди Ирактан чыгарып кетүү жараяны июль айынын соңуна барып бүтүшү керек жана андан кийин АКШнын 140 миң аскери калат. Президент Жорж Буш июлдан кийин аскерлерди чыгаруу жараянын 45 күнгө токтото турууну өткөн айда буюруган. Алардын санын андан ары кыскартуу маселеси каралганга чейин Ирактагы коопсуздук кырдаалы бир сыйра кайрадан бааланышы керек.