Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

ОРУСИЯДА ЭРТЕҢ ШАЙЛАНГАН ПРЕЗИДЕНТТИН ИНАУГУРАЦИЯСЫ ӨТӨТ


Эртең Кремлде Дмитрий Медведевдин инаугурация каадасы өтөт. Ошону менен Орусияда ырасмий түрдө бийлик ал мамлекеттин чукулку тарыхындагы үчүнчү президентинин колуна өтөт. Бийликтен кетип аткан президент Владимир Путин кийинки сегиз жыл ичи башкаргандай анын мураскору Дмитрий Медведев да өлкөнү ошондой башкарабы же башкача жолго түшөбү деген суроо анализчилер оозунда улам пайда болууда. Бүгүн БШКнын башкы кенсесинде Медведевге шаан-шөкөтсүз эле Орусиянын президенти күбөлүк катын тапшырмакчы. «Ведомости» басылмасы жазганга караганда 2000-жылы Орусиянын президенти күбөлүгүн Владимир Путин Кремль сарайынын ичинде, анын инаугурациясы өтүп атканда тапшырылган.

Дмитрий Медведев, эртең, 7-майда ант берүү каадасын өткөрүп анан Кремлге келмекчи. А Путин болсо бир нече күндөн соң Маскөө дайрасынын боюндагы Ак үйгө көчүп кетмекчи. Ошого карабай талдамачылар тандемдин бийликти мындан ары чогуу жүргүзөрүн каңкуулашууда.

Путиндин чөйрөсү: «ал Орусияны саясий жана экономикалык жактан кайра жаралты, Орусиянын ички биримдигин чыңдады, эл аралык беделин көтөрдү, улуттук сыймыгыбызды кайра кайтарып берди» - дешүүдө.

Ал эми Путинди сынга алган либералдар: «ал массалуу маалымат каражаттарын катуу кысып салды, мекендин менчигин өзүнө жакын кишилерге талатты, кошуна мамлекеттер жана Батыш менен Орусиянын алкасын бузду, жүргүзгөн бийлиги советтик идеология менен советтик тил эмизүү жолуна түштү» - деп жазышууда.

«Горбачевдук, Ельциндик доордо коомдук маанайды, Орусиянын тагдырын чечүүгө интеллигенттер, жаңы ишкерлер жартышкан эле Путиндик доордо болсо бийлик орто байлар колуна өттү»,- деген пикирлер да бар.

1917-жылдан бери мамлекет башына шайланган биринчи жолку эң жаш президент Медведевдин кандай жолго түшөрүн божомолдоп көп айтышуда.
Саясий анализчи Михаил Делягин айтканга караганда алардын тандеми тез арнын ичинде эле тыйпыл болот:

«Күчүнө кирери менен Медведев аны (Путинди –ММ) кайра бийликке келүүгө жол бербейт. Экинчиден, бийликти Путинден Медведевге талашып алуу учурунда системанын кыйроосу жолтоо болот».

Кырк экинин кырына келген Дмитрий Медведевге өлкөнүн Баш мыйзамы берген укук боюнча ал эми мамлекет бийлигинин эң чокусундагы киши болуп эсептелет. Ал, маселен, өкүмөт башчынын кызматынан алып салууга укуктуу болот.

Бирок элүү бешке келип калган Путин президенттик ордунан кетип атып, өзүнүн келечекте кор болбошу үчүн кыйла кам жеди дешет. Медведев президент болуп шайлангандан соң ал (Путин – ММ) орусиялык саясатты жартып турган «Бирдиктүү Орусия» партиясына төрага болуп алды. Ошону менен, керек экен, импичмент жарыялап туруп президентти кызматтан кетире алат дешет.

Саясий талдоочу Алексей Мухин айтканга караганда Медведев кармашты дароо эле баштабайт. Эмне дегенде аны бийлике шайлаткан Путин болду. Бирок акыры жүрүп ал кармашууга барат экен анда азыркы президенттин өз таламын талаша турган куралы бар.
«Владимир Путин (бийликте кезде – ММ) өйдөдөн ылдыйды карай башкаруунун эки түрүн түздү. «Бирдиктүү Орусиянын» партиялык тармагы жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги аркылуу аткаруу тармагы» - дейт.

Анализчилер арасындагы кепте Орусияда бийликтин саясий процессти такай кысымга алуусу акыры келип эл менен саясий таптын ымаласынын соолуп калышын жараткан. Ошондуктан Медведевдин айткан «бейэркиндикке караганда эркиндик өйдө», - деген кебин жогору баалашууда.

XS
SM
MD
LG