Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:45

Өз кезегинде замандаштарынын “Тирүү Гомер”, “Легендарлуу эпик”, “Азыркы замандын Гомери”, “ХХ кылымдын рапсоду” деген бааларына татыган Саякбай Каралаев баатырдык жомок “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилигин толук айткан. Ал тирүү болгондо 114 жашка чыкмак. Калдайган калкынан келбес жайга кеткенине үстүбүздөгү жылдын 7-майында 37 жыл толду.

Баатырдык эпос «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигинин беш жүз миң беш жүз элүү ыр сабынан каалаган мезгилде, каалаган жерин сабалаган сабатмалуу обондордун коштоосунда миң кубула, өңүн миң жолу өзгөртө, бир заматтын ичинде бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде ботодой боздоп, бирде кыл ар кандай чыйралып, бирде сан колдой буркан-шаркан түшө, бирде мемиреген көлдөй, бирде күрпүлдөгөн дайрадай ашып-ташып айткан манасчы Саякбай Каралаевдин көрөөр күнү, ичээр суусу бүтүп жаны жанатка узаганына үстүбүздөгү жылдын 7-майында 37 жыл толду.

Сакем менен 1960-жылдан көзү өткөнгө чейин ата баладай бири-бирибизди урматташып, сыйлашып жүрдүк. Бир нече жолу айтылуу тели-теңтуштарынын тойлорунда, эскерүү кечээлеринде, ар кандай отуруштарда бирге болуп жүрдүм. Булардын ичинен өмүр бою көңүлүмдөн өчпөй, көкүрөгүмө жазылып калган окуяны эскере кетейин. 1960-жылдын кыш айы. Кыргыз радиосунун үн оператору Кумар Жумабаев, режиссер Турсун Уралиев, мен (Балбай Алагушов) болуп Сакемдин айтуусунда “Манастын” эң бир кызыктуу үзүндүлөрүн тасмага жазып, радионун алтын коруна калтырыш үчүн алп манасчы Сакемди студияга чакырдык. Сакем болжошкон убакытта келди. Студияга өзүн жалгыз киргиздик. Баштаңыз деп оператор белги берди. Бирок, эмнегедир Сакем кадимки эл алдына айткандай төгүлүп-чачылбастан бүтүндөй жан дүйнөсүн таштап коюп айтпастан, өзүн коомай сезип айтып жатты. Биздин купулга толбоду. Мындай учурда адамдан амал качып кутулбайт тура. Радионун беш-алты кызматкерин чакырып, Сакемдин эки жагына отургуздук. Алар Сакем “Манастан” үзүндүнү айта баштаганда үн катышпай кол кыймылдары менен сүрөөгө алганда Сакем кадимки калыбында буркан-шаркан түшө айтып жатты. Мен муну менен Сакемдин эл менен жашап, эл менен күн көргөн нукура элдик шайыр экенин, “Манас” калктын арасында гана айтыла турганына ынандым.Ошентип, Сакемдин айтуусунда алп “Манастын” үзүндүлөрүнөн биринчи жолу он төрт саат жазылып алынды.

60-жылдын аягында Бүткүл Союздук “Мелодия” фирмасынын Алматыдагы бөлүмүнүн директору Мамбет Бестебаев Сакемден “Манастан” үзүндүлөрдү жазып алып желим табак (граммпластинка) чыгарыш үчүн атайын Бишкекке келди. Сакем ал кезде байбичесинен айрылып, Балыкчыда жашаган кызынын колунда эле. Мамбет мырза экөөбүз Кыргыз телерадио комитетинин төрагасынын атайын үн жазуучу аппарат орнотулган автоунаасын сурап алып Балыкчыга бардык. Сакемдин тегерегине коңшу-колоңдорун чогултуп “Манастан” “Алманбет менен Чубактын жолталашын”, “Алманбеттин жообун”, “Тайторунун чапканын”, “Сыргак менен Алманбеттин жол чалышын” жазып алдык. Ал Ташкендеги грампластинкаларды чыгаруучу заводдон ар бири бир сааттан турган альбом чыкты. Бул Сакемдин тунгуч альбому эле.

Ал эми Сакемдин эмне оору менен ооруп о дүйнөгө сапар алганы жөнүндө бир нече жыл Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгына караштуу дарылоо, ден-соолукту чыңдоо бирикмесин жетектеп келген, медицина илимдеринин кандидаты, доцент, республиканын эмгек сиңирген врачы Асан Жайлообаев мындай дейт:

- 1971-жылдын 4-майында атактуу академик Мирахимов айтты: - түндө айтылуу манасчы Саякбай Каралаевдин үй-бүлөсү мага телефон чалышты. Барсам Саякбай аганын акыбалы аябай оор экен. Асан Жайлообаевич, а кишини сиз жакшы билесиз. Улуу адамга көз салыңыз, такай жанында болуңуз, деди. Барсам ал киши реанимация бөлүмүндө экен. Көпкөк болуп дем алалбай өтө кыйналып жатыптыр. Жанында Сыргак деген уулу бар экен, Сакем сүйлөй да, дем да алалбайт. Карасам эки өпкөсүнө суук тийиптир. Көрсө өмүр бою “Манас” айтып жүрүп эки өпкөсү кенейип кетиптир. Бир убакта бирөө чакырып атат дейт. Тышка чыксам теңтушу, курдашы, белгилүү комузчу Чалагыз Иманкулов кемпири, уулу менен келиптир. Чакем (Чалагыз молдокем) менен саламдашып амандыкты сурашкандан кийин Чакем: - ой, Асаке баягы менин досум силерге жатып калыптыр. Көрөйүн деп келдим дегенде: - жүрүңүз Молдоке досуңуздун акыбалы өтө оор десем кемпири экөө кирип Сакемдин акыбалын көрүп: - ой, болбой калган турбайбы, - деп Сакемди кучактап алып ыйлап жиберди да: - Асаке эми эмне болот – деп сурап калды. Мен колдо болгон баардык мүмкүнчүлүктү пайдаланып жатам. Акыбалы өтө кыйын десем, кемпири: - ой, абышка бул жерде киши жок экен. Сен досуңа ыйман айтпасаң болбойт. Досуң о дүйнөгө кете турган болуп калыптыр – дегенде ыйман айтты. Уулу Сыргак болсо бышактап ыйлап отурду. Бир-эки саат өтүп-өтпөй Сакем үзүлүп кетти. Анан уулу Сыргак: - атам кокустан мен өлүп калсам сөөгүмдү туулган жериме Акөлөнгө койгула – деп айтчу. Атамдын сөөгүн Тоңдун Акөлөңүнө коебуз деди. Бир аз убакыттан кийин Жогорку Кеңештен эки жигит келди да - Саякбай атабызды Бишкектин көрүстөнүнө коюш керек. Элге таанымал адам, көлгө коюга болбойт. Ар жак, бер жактан келген меймандар улуу манасчы Саякбайдын сөөгү кайда коюлган деп издешет. Ошондуктан Сакемин сөөгүн Бишкекке коебуз дешти. Ошентип, залкар манасчынын сөөгү Аларча көрүстөнүнө коюлду. Сакем 7-май күнү саат үчтө каза болду, - деп эскерди Асан мырза.

Бассам-турсам кыргыз элинин төл чыгармасы, аталган “Манастын” бир да кылын жоготпой, бир да сөзүн унутпай, бир да боегун өчүрбөй айткан бала менен баладай, жаш менен жаштай, кары менен карыдай жаадырай жайнай, төгүлө-чачыла, тамашанын балын чача кытыгылап сүйлөгөн, өткөрө тамашакөй, өзгөчө жугумдуу, айрыкча айкөл Сакемди эстейм жана элестетем.
XS
SM
MD
LG