Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылы уюштуруп жаткан иш чара алкагында майып 9 бала, 9 кызга ишкана ачып берүү каралган. Кыймылдын жетекчиси Мирбек Асангариевдин айтымында долбоорду ишке ашыруу үчүн Евразия кору 7 миң АКШ доллары эсебинде акча бөлдү. Эми бул каражатка балдарга эмерек жасоо, ал эми кыздар үчүн тигүү цехин ачып берүү максатталып жатат. Кыймыл учурда бул үчүн кошумча каражат издөөдө.(EK)