Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

“АДАМ ЖАНА БАЗАР”: СОМ ОН БЕШ ЖАШТА


Ар жекшемби сайын обого чыгуучу “Адам жана базар” аттуу экономикалык түрмөктүн бүгүнкү чыгарылышы кыргыздын улуттук валютасы – сомдун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/773EBF5E-7927-49C4-9E4B-257C182BF8B8.ASP он беш жылдык мааракесине арналды.

Кечээ 10-май күнү кыргыздын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилгенине 15 жыл болду. Бул аралыкта сом өз учурунда киргизилип, өлкө экономикалык жактан чоң кризистерден оңоюраак чыкты деген пикирлер менен бирге эле улуттук валютасын КМШ өлкөлөрүнөн озунуп киргизип алып, Кыргызстан экономикалык жактан уттурду, деген ойлор да айтылып келет.

Алгачкы кабыл алынган жылы сомдун күчү азыркыга караганда алда канча күчтүү болчу, ошол кездеги күчтүү валюта – 1 АКШ доллары 4 сом турчу, ал эми ага чейин кыргыздар колдонуп келген 200 рубль 1 сомго алмаштырылып жаткан.

Улуттук Банктын төрагасынын орун басары Сүйөркул Абдыбалы тегин “Азаттыкка” айткан сөзүндө сомдун киргизилиши – гиперинфляцияны токтотуп, экономикадагы жараяндарды аз да болсо башкара турган шарттарды колго алууга мүмкүнчүлүк бергендигин белгиледи. Анын айтуусунда, улуттук валютаны киргизерде сомдун рублге карата курсу ширеңкенин баасы менен өлчөнүп, аныкталган:

-Эң төмөнкү баада сатылып жаткан товарлардын дагы эң арзаны – ширеңкенин бир кутусу 2 рубль турчу. Анан ошону 1 тыйын деп баалап туруп, 1 сомду 200 рублге алмаштыруу курсу келип чыккан. Андан башка да товарларды карап көргөнбүз. Бирок негизги курс ширеңкенин баасы менен өлчөнгөн.



Сомдун курсу туруктуу болгону менен куну кетти

Он беш жылдын ичинде сом өзүнүн курсун дээрлик туруктуу кармап келет. Бул өлкө үчүн жакшыбы же жаманбы? Айрым адистер сомдун курсунун туруктуу кармалып турушу - өлкөнүн экономикасы үчүн пайдалуу деп айтышса, кээ бирөөлөр тескерисинче сомдун курсу канчалык төмөн болсо ичте өндүрүлгөн продукцияны сыртка сатуу көбөйүп, экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө болот, дешет. Буга мисал катары япон иени айтылып жүрөт.

Ошол эле учурда сомдун курсунун АКШ долларына же орус рублине карата туруктуу кармалып турушунун пайдасы жок, баары бир акыркы убактардагы азык-түлүктүн кымбаттаганына байланыштуу сом өзүнүн күчүн кетирди, деген пикирлер да бар.

Бишкектин тургундарына кайрылганыбызда мына ушундай ойлор айтылды. Өзүн Эмилбек деп тааныштырган угарман сом жаңы жүгүртүүгө киргенде элде ишенич чоң болгондугун айтып, азыркы сомдун күчү такыр эле кетти дейт:

-Азыр бир сом акча болбой калды. Кайырчыларга берсең албайт. Мурда он–он беш миң сом тапсаң, өтө чоң акча болчу да. Азыр бир айга өп-чап жеткиресиң. Жалаң айлыкка карап жашаган, оорулуу, кары-картаңдарга оор болуп жатат. Сомдун кадыры-баркы кетти. Ун көтөрүлгөндөн кийин өзгөчө куну кетти.

Кыргыз сому жүгүртүүгө киргизилгенине он беш жыл болгонуна карабастан, Кыргызстандын айрым аймактарында эмгиче сом иштетилбейт. Баткен облусунун Карабай айлында бүгүнкү күнгө чейин тажик сомониси жүгүртүлүп келет.

Кыргыз-тажик чегарасында орун алган Карабак айыл өкмөтүнүн тургуну Ормон Курбанов кыргыз сомуна караганда тажик соманисин көп карманат. Азык-түлүк, базар-учары кошуна Тажикстандан жүрүп турган Ормон ата, ардагердик жөлөк пулун алаары менен дароо жергиликтүү валюта алмаштыруучуларга барып, тажик акчасына айырбаштайт:

-Чегарада жашайбыз. Базарды Тажикстанга барып жасап келебиз. Ал жакта кыргыз пулу иштебейт. Эми Баткенге барганга караганда Тажикстандын базары жакын, Баткенге 25-30 чакырым, эртең менен чыгып барсаң, кайра кайтыш кыйын. Баткенге барыш үчүн азыраак сом катып коебуз го, бирок көбүнчө тажик пул иштетебиз.

Баткен облусунун аймагында чыны менен такай сом иштеткендер аз эле. Мунун негизги себептери, аймак үч өлкөнүн тогошкон жеринде орун алганы жана Орусиядагы эмгек мигранттарынын санынын көптүгү.

Облуста сом менен бир эле убакта теңтайлаш, өзбек суму, тажик соманиси, орус рубли жана АКШ доллары иштетилет. Акыркысы соода сатыкта иштегендер үчүн ыңгайлуу. Базарда кийим кече саткан Алтынай Касымова жогоруда аталган акчалардын баарын колдонот. Бирок ал үчүн жалгыз алтын буюмдар туруктуу валютанын ролун ойнойт:

-Бизге чегаралаш болгондуктан Тажикстан менен Өзбекстандан товар ташыйбыз. Акчаны сакташ үчүн алтын буюмдарды сатып алып коем. Анткени алтындын баасы туруктуу. Калган валютага ишенич жок. Доллар да улам түшүп атат.

Чет мамлекеттердин валютасын иштетүү ыңгайсыз жана да элге кыйынчылыктан башка пайдасы жок. Себеби АКШ доллары көтөрүлдү деп азык-түлүктүн баасы өсүүдө. Кандай болсо да Советтик доордун акча системасы мыкты болчу дейт Баткен шаарынын тургуну Төлөмүш Сарыбаев:

-Биз мурда рублден башка акчаны билбейт элек. Азыр ар ким өзүнүн акчасын жүгүртүп алып эле бааны кымбаттатып атышат. Доллар көтөрүлдү деп нанын деле, унун деле, самсасын деле көтөрүп атышат. Союз мезгили эле жакшы болчу.

Ошол эле учурда Баткен облусунун жайгашкан орду сомдун кошуна мамлекеттердин валюталарына карата туруктуу сакталышын камсыздоодо. Бул жерде чегара соода сатыгы жакшы өнүккөн деген пикирин Евробиримдик долбоорунун экономикалык эксперти Виктор Кирияк билдирди:

-Кыргыз сому башка өлкөлөрдүн валютасына караганда кыйла стабилдүү. Ал эми алыскы делген Баткендеги сом-доллар, сом-евро катнашынын тереңдеши – аймактын ыңгайлуу чегара соода сатыгы мыкты жүгүртүлгөн жеринде жайгашканынан улам болуп атат. Өлкө кааласа каалабаса да Баткен өз алдынча кыргыз сомун жайылтуу, актуалдаштыруу жана туруктуу сакталышын камсыз кылууда.



Базарбай Мамбетов: “Сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн карызга батып жатабыз”

Кыргыз сому он беш жылдын ичинде эки жолу девальвация болгонуна карабастан, башка валюталарга карата курсун туруктуу кармап келе жатат, деп Улуттук Банк мактанып келет. Бирок айрым адистердин айтуусунда сомдун курсу өзүнөн-өзү кармалып жаткан жери жок. Бул үчүн мамлекет сырттан акча алып, карызга батууда.

Учурда Кыргызстандын мойнуна илинип турган 2 млрд доллардан ашуун тышкы карыздын бир канча бөлүгүн дал ушул сомдун курсун кармап турууга жасаган аракеттен улам алынган карыздар түзөт. Мындай пикир ээлеринин бири, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов сомду эрте киргизүүдөн Кыргызстанга оң да, терс да таасири тийди, дейт:

-Сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн биздин Улуттук Банкы жылына 100 млн доллардан ашуун каражат жумшайт. 2005-жылдын башында эле тышкы карыз 1 млрд 860 млн доллар болчу. Быйыл апрель айында каржы министри менен Улуттук Банк тышкы карыз 2 млрд 350 млн болду деп элге жарыялашты. Башкача айтканда үч жылдын ичинде 450 млн доллар карыз алганбыз. Ушул акчанын баары сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн жана биздин экспорттук-импорттук төлөм балансын сактап туруу үчүн сарпталып жатат.

-Улуттук Банк сом киргенге чейин Кыргызстанда инфляциянын көрсөткүчү 1000% ашып турса ал киргенден кийин, болжолдуу түрдө инфляция бир жылда 130% чейин төмөндөгөн. А беш жылдан кийин инфляциянын деңгээли 16% түштү, деп айтып атат. Буга кошула аласызбы?

-Жок, кошула албайм. Дүйнөлүк экономикалык коомчулукта сандар менен баш айлантуу деген ыкмалар бар. Бул дал ошондой эле жок сандар менен элге жагымдуу кылып көрсөткөнү. СССР кулаган соң, ар бир өлкө эгемендик алгандан кийин 1000% инфляция бардык республикаларда эле болгон. Биз эң биринчи коңшу өлкөлөрдү карап, бизге цивилизациясы, экономикасы жакын өлкөлөр менен улуттук валюта киргизүү тууралуу акылдашып кеңешпей туруп, 1993-жылы шашып, улуттук валютаны жүгүртүүгө киргизгенибиз – шашканыбыз болуп калды.

Канчалаган орус рублдери биздин элдин капчыктарында, колдорунда кала берди. Аны орус өкмөтү да албай койгон, “ал силердин акчаңар, эмне кылсаңар ошол кылгыла” деп. Кийин биздин бир топ аттуу-баштуу эле кызматкерлер ошол рублдерди самолетко жүктөп алып барып, орус банкирлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, өткөрүп келишкен. Бирок андан эл же өлкө бир тыйын пайда тапкан эмес. Болгону өздөрү эле байышты.

Замира Кожобаева, Бишкек
Фатима Абдалова, Бишкек
Сабыр Абдымомунов, Баткен

XS
SM
MD
LG