Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАЛАРЫ


13-14-майда Бишкектеги Спорт сарайында кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти маркум Манас Бердибековдун уулу Санжар Бердибековдун “Атамды көргөн өлбөсүн” аттуу концерти өтөт. Концертке белгилүү куудулдар жана ырчылар катышат.

Санжар Бердибековдун концертине улай ошол эле Спорт сарайында 15-16-май күндөрү жаш ырчы Иса Өмүркуловдун концерти болмокчу.

14-май күнү болсо кыргыз мамлекеттик теле-радиосунун концерттик залында акын Жыпар Исабаеванын поэзия кечеси өтөт.
Кечеде акын ырларынан окуп, ырчылар обондуу ырларынан аткарышмакчы.

Ушул эле күнү 14-майда Бишкектин ресторандарынын биринде улуу муундагы, орто муундагы артисттер жана жаш ырчылар, ошондой эле акындар катышкан “Сагыныч ырлары – жүрөктүн жыргалы” аттуу дасторкон четиндеги ыр кече өтмөкчү. Ал эми көрөрмандар болсо жүз чактыдай гана көркөм өнөрдү терең баалаган адамдар болмокчу деди Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, аталган кечени уштуруучулардын бири Каныкей Эралиева:

-Кечеде ырчылар фонограммасыз өз үндөрү менен ырдашат. Учурдагы аспаптар менен бирге комуз, аккордеон, гитаралар да ойнолот. Бул ырчылар, акындар катышкан дидарлашуу кечеси болмокчу.

17- майда Кыргыз мамлекеттик теле-радиосунун концерттик залында жаш акын, Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Мирлан Самыйкожо уулунун “Жүрөккө түшкөн чагылган” аттуу алгачкы китебинин тушоо кесүү аземи өтөт. Жаш акын Мирлан Самыйкожонун өзүнүн айтымында, бул жаңы китеби ар кандай темадагы ырлардан турат:

-Китебим чакан эле болуп чыкты. Жыйырма беш чакты ырдан турат.

18-майда Кыргызстандын музейлеринде эл аралык Музей күнү белгиленет. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде Музей күнүнө арналып дүйнөлүк импрессионист сүрөтчүлөрдүн Көргөзмөсү жүрүп жатат деди мамлекеттик музейдин директору, кыргыз Эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев:

-ХIX-XX кылымдардагы француз сүрөтчүлөрү сүрөт өнөрүндө жаңы багытты ачуучулар болушкан. Мына ошол импрессионист сүрөтчүлөрдүн таасиринде орус сүрөтчүсү Казимир Малевичтин “Кара квадрат” сүрөт эмгектери жаралган.
XS
SM
MD
LG