Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

КУМТӨР: ЖАҢЫ КЕЛИШИМ, УБАКЫТ ЧУКУЛ, КАГАЗ КӨП


Кыргыз өкмөтү канадалык компания менен Кумтөр алтын кени --> http://www.azattyk.kg/rubrics/economics/ky/2008/03/ADE96A0F-F86B-4C8A-98FA-B5F1AE804330.asp боюнча жаңы келишим долбоорун даярдоого киришкени туру. Канадалык тарап жаңы демилгеге ачык жооп бере элек. Өткөн жылкы А.Атамбаевдин өкмөтү кол койгон келишимдерде көрсөтүлгөн шарттарды кайра карап чыгуу, төлөмдөр өлчөмүн көбөйтүү, “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешине кыргыз өкмөтүнөн катышчу өкүлдөр санын көбөйтүү талабы коюлууда. 12-майда өкмөт жана парламент өкүлдөрү “Кумтөр” алтын кениндеги жагдай менен жеринен таанышып келүү үчүн жөнөп кетишти.



Парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков АКШнын Невада штатындагы “Рен”, ошондой эле Монголиянын “Боро”, “Гаатсурт” алтын кендеринин иши менен таанышып келгенден кийин өкмөттүк комиссия канадалык компанияга биртоп сунуштарды берип, жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө 2-майда Торонтого кат жөнөтүшкөнүн маалымдады.

Жаңы сүйлөшүүлөрдүн шарты буга чейин “Кумтөр” алтын кенинин Кыргызстанга салык, башка төлөмдөр боюнча карыздарын жоюу, андан соң А.Атамбаев өкмөтү кол койгон келишимдерге өзгөртүү киргизүү сунушталууда. К.Исабековдун ырасташынча, “Кумтөр” алтын кени 1 миллиард ашуун сомду салык жана башка төлөмдөр жагынан казынага төгүп бериши керек.

- Азыр ведомстволор ортолук комиссия иликтеп жатат. Эмдиги аптанын аягына чейин жыйынтыктары чыгып калат. Бардыгын кошо келгенде биз 1 миллиард ашyун сомду өндүрүп алуу жөнүндө маселе койгону турабыз. Келишим ратификациядан өткүчө канадалык тарап бул акчаны төлөп бериши керек.



Алдагыдай көп акча 1997-жылдан тарта башталган. Ошол кезде Кыргызстандын салык кызматы “Кумтөр” алтын кен компаниясы 23 миллион ашуун сомду төлөбөй койгонун аныктап чыккан. 1999-жылы 60 миллион ашуун сом төлөнбөй калганы ачыкталган. 2001-жылы төлөнбөй калган акча 142 миллиондон ашып кеткен. 2006-жылы жалаң кошумча нарк салыгы боюнча 218 миллион сом төлөнбөй калганы билинген.

К.Исабеков салыкчылар төлөнбөй калган акчаларды ачып чыгып, бирок алардын бир да бирөөсүн төлөтө албагандыгын маалымдады. Ошондой эле ал өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрында чыгарган “Кумтөр” алтын кен долбоорун жаңылоо тууралуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө Бишкектин райондор ортолук сотуна кайрылган.

Кыргызстандын Жогорку соту Бишкектин райондор ортолук сотунун бүтүмү чыкканча ал токтомду токтотуу жөнүндө чечим чыгарды. Ошентип өкмөттүн 2003-жылкы “Кумтөр” алтын кен долбоорун жаңылоо, “Центерра Голд” компаниясына кирүү жөнүндөгү токтому убактылуу күчүн жоготуп, ушу тапта асманда асылып туру.

Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси, А.Атамбаев өкмөтү түзгөн алтын комиссиянын мүчөсү Орозбек Дүйшеев сүйлөшүүлөр курч өткөнүн, канадалыктар кетип каларда азыркы келишимге токтолушканын, акциялардын өлчөмү кыйла кызуу талаш-тартыштан кийин аныкталганын ырастады.

- Бу кетип калса бизге эч кандай пайда болмок эмес. Ошого байланыштуу ушу менен бүткөнбүз. Болбосо бул башталышындагы 52% реалдуу, Кудайга шүгүр жакшы эле нерсе.

XS
SM
MD
LG