Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Кытайда зилзаладан набыт болгондордун саны 3 миңге жетти.


Кытайдын маалымат агенттиги кабарлагандай, Кытайдын түштүк-батышындагы Сычуань провинциясында болгон жер титирөөнүн кесепетинен 3 миңден 5 миңге чейин адам курман болду. Ар кыл маалыматтар боюнча жер титирөөнүн күчү дээрлик 7,8 баллды түздү. Кытайдагы каттуу зилзаладан 900дөй мектеп окуучусу урандылардын астында калды. Бир аз мурдараак зилзаладан кеминде 6 адам курман болгону, жүздөн ашууну жаракат алышкандыгы кабарланган эле. Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, набыт болгондордун саны өсүшү мүмкүн. Президент Ху Цзиньтао жардамдын чукул арада көрсөтүлүшүн талап кылды. Өлкөнүн премьери Вэнь Цзябао жер титирөө болгон аймакка учуп кетти. Жер астындагы силкиниш Шанхайда, Бээжинде, Тайванда, Бангкокто жана Ханойда да сезилди.

XS
SM
MD
LG