Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Бүгүн Өзбекстандын Анжияндагы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2005/05/214204C7-BDFA-4FAA-90E0-B58332AB7571.asp коогалаңына туура 3 жыл толду. 2005-жылы орун алган кандуу окуянын айланасында акыйкатчы Турсунбек Акун “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-Турсунбек мырза, Анжиян окуясына үч жыл толду. Бирок ушул күнгө чейин эч ким саясий дагы, юридикалык дагы жоопкерчиликке тартылган жок деген маалыматтар айтылууда. Буга сиздин баамыңыз кандай?

-Тартылган жок деп моралдык жактан толук айта албайбыз. Анткени Анжиян окуясы бүткүл дүйнөгө белгилүү болгон, өтө тез тараган кандуу окуялардан болду. Көптөгөн укук коргоочулар, дүйнө ишмерлердин жана бардык адамдардын төбө чачтары тик турду. Албетте эртеби-кечпи бул тарыхта өз баасын алат. Ар бир бийликтин убагында ошондой болушу мүмкүн. Бирок бардык убакытта бардык нерселер алмашат да, туурабы? Ошон үчүн баасын алган жок дегенге мен толугу менен кошула албайм.

Бирок эл аралык уюмдар, мисалы ЕККУ, БУУ көптөгөн комиссияларды Анжиянга жиберип, канча изилдетип, комиссиялар изилдеп, аларды киргизбей, ишин токтотуп, ушундай аракеттер болуп жатат. Мисалы, эл аралык уюмдардын кеңсесинде көптөгөн маалыматтар бар. Алар тиешелүү бааларын көп жерлерде, симпозиум, конференцияларда берип эле жатат.

-Анжиян окуясынын Кыргызстанга тийгизген таасири тууралуу кечээ ушул окуянын үч жылдыгына арналган тегерек стол жыйынында дагы айтылды. Ал эми сиздин буга жеке көз карашыңыз кандай?

-Бизге тийгизген таасири ушул: Кыргыз мамлекети, бийлиги, оппозициясы, жарандык күчтөр эч качан кандуу окуяларга жол бербешибиз керек. Таасири ошондон. Биз ошондон сабак алышыбыз керек. Эгерде кошунабыздын үйү өрттөнүп жатса, биз эч качан тынч отурбай, өрттү өчүргөнгө жардам беришибиз керек. Анткени ал өрт эртең биздин короону, биздин үйдү дагы каптап кетет. Ошон үчүн биз мындан сабак алышыбыз керек.

-Бирок чындыгында сабак ала алдыкпы?

-Тиешелүү сабакты толугу менен алдык деп айта албайбыз. Бирок өзүңөр билесиңер, биз төрт жүздөн ашуун качкындарын 4 ай бою бактык. Анан кийин башка өлкөлөргө кетирдик. Ошолордун тамак-ашын бердик. Жылуу киймин, жатаканасын бердик. Биз үчүн дагы өтө оор болду. Канча каржатыбыз кетти. Ошон үчүн такыр сабак ала алган жокпуз дебейбиз. Ошон үчүн бизде кандуу окуялар болбой келе жатканы сүйүндүрөт.

-Мына Анжиян окуясынан кийин башпаанек сурап Кыргызстанга келген өзбек жарандарынын ал-ахыбалы менен тааныштыгыңыз барбы?

-Таанышмак тургай, биздин балдар Ошко чейин барышты. Мына биз качкындарды кабыл алдык. Аларга бардык шарттарды түзүп, 460дан ашуун качкынды биз үчүнчү өлкөлөргө өткөрүп бердик. Бирок ошол кездеги Кыргызстандын башкы прокурору 29 качкынды кайра беребиз дегенде, коомдук уюмдар, укук коргоочулар аябай катуу аракеттерди көрүп жатып, ошол 29 качкынды бербей алып калдык. Бул болсо Кыргызстандагы жарандык коомдун күчтүүлүгүнөн кабар берет.

-Мына Анжиян окуясынан кийин Борбор Азия аймагында адам укуктары жаатында кандай өзгөрүүлөр болду деп айтсак болот?

-Толук өзгөрүү болду деп айта албайм. Мурдагыдай эле. Бирок кандай болгон күндө дагы мурдагыга караганда адам укугу башка коңшу өлкөлөрдө тебеленгени кичине азая түшкөндөй болду. Анткени бул кандуу окуялардан кийин биз сабак алгандай болдук. Бирок кандайдыр бир убакыт өткөндөн кийин аны кайра унутуп калдык.

-Кечээ бул окуяга байланыштуу тегерек столдо дагы Кыргызстанда сөз эркиндигине болгон кысымдар жана демократия артка чегингени тууралуу кеп болду. Бул канчалык жүйөөлүү деп ойлойсуз?

-Мен дагы жакында берген интервьюда айттым, албетте демократиялык принциптерден артка кеткен процесстер жүрүп жатат. Мен ойлойм бул жакшы эмес, бирок бул убактылуу көрүнүштөр деп эсептейм. Бул ишти ооздуктап калууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргыз бийлиги дагы демократиялык жолдон четтебейт деген чоң үмүтүм бар. Бизде жарандык уюмдар абдан күчтүү. Биз демократиялык процесстердин артка кетишин токтотуп кала алабыз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG