Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

16:08 Абакта жаткан Ишенбай Кадырбековго психологиялык катуу басым жасалууда


Бул тууралуу анын жубайы Светлана Тыныбекова бүгүн өлкө президентине жолдогон ачык катта айтылат. Анда Ишенбай Кадырбековго тагылган айыптарды моюнга алуу талабы менен психологиялык катуу басым жасалып, болбосо анын үй-бүлө мүчөлөрүнө да кыйын болуп калаары кыйытылып жатканы белгиленген. Ошондой эле Кадырбеков үч жыл мурдагы март ыңкылабында бийликтин мурдагы президент Аскар Акаевден мыйзамдуу негизде өтүүсүнө зор салым кошкону жана соңку үч жылда кайсы кызматка дайындалбасын өз милдетин так аткарганы, кыска аралыкта мектептерди курганы айтылат. Каттын соңунда Светлана Тыныбекова президенттен адилеттүүлүк жана боорукердик көрсөтүүсүн, тергөө учурунда жубайынын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү суранган. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Ишенбай Кадырбековго каржы полициясы кылмыш ишин козгоп, ал 25-майда камакка алынган. Андан соң Ленин райондук соту аны убактылуу тергөө абагында кармоо мөөнөтүн алгач 10 күнгө, андан кийин дагы бир айга узарткан. Ишенбай Кадырбеков өзу болсо буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде камалышын саясий себептерге байланыштырган.(SM)

XS
SM
MD
LG