Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

17:43 Араван районундагы цемент заводу ушул жылдын июнь айында ишке киргизилет


Мындай маалымат «Түштүк курулуш материалдар» комбинатынын директору Азамат Арапбаевден алынды. Анын айтымында, ишкана жыл сайын 500 миң тоннадан кем эмес цемент өндүрүп, Кыргызстандын түштүк аймактарын толук камсыз этмекчи. Атүгүл айрым бөлүгүн Орусия, Казакстанга да экспорттогонго мүмкүнчүлүктөр пайда болууда. «Прогресс» бейөкмөт уюмунун башчысы Жанарбек Акаев «Былтыр өлкө башчысы Бакиев Ошко сапарында Аравандагы цемент заводу 2007-жылдын акырында пайдаланууга тапшырылат» дегени эсимде. Эми азыркы убадаларына деле ишенбейм! Андан көрө аткаминерлер ишкана өндүрүшкө түшкөндө гана рапорт берүүгө көнүшсө, элдин бийликке карата ишеними жогоруламак, деген оюнан кайта элек. (АТо)

XS
SM
MD
LG