Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

МАДУМАРОВ “АЙЫЛ” БАНКЫН МЕНЧИКТЕШТИРҮҮДӨН САКТАП КАЛДЫ


15-майда Жогорку Кеңеш “Айыл” банкын --> http://www.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2006/12/512f6f45-6e9d-4ac7-b48d-de613fa26a20.asp менчиктештирүү концепциясын карап, аны кайра иштеп келүүгө өкмөткө кайтарды. Концепцияга парламенттеги коммунисттер жана социал-демократиялык фракциялары каршы чыгышты. Энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси парламентте каралганда жоопкерчиликти алууга даярдыгын билдирген төрага Адахан Мадумаров бул ирет жоопкерчиликти алууга даяр эместигин айтып, документти кайра иштеп келүүнү жактады.

“Айыл” банкын менчиктештирүүнүн концепциясы боюнча каржы министри Тажикан Калимбетова менен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Турсун Турдумамбетов депутаттар алдында сөз сүйлөп, өкмөт бул банктын акциясынын 67% стратегиялык инвесторго берүүнү жактаарын билдирди. Алар менчиктештирүүнү эл аралык финансылык уюмдардан алынган 41 миллион доллар карызды төлөө, айыл чарбасын насыялоого каражат табуу зарылчылыгы менен түшүндүрдү. Өкмөттүн банкты менчиктештирүү максатын колдоп берүүнү Турсун Турдумамбетов депутаттардан өтүндү:

-Урматтуу депутаттар, сиздерден чоң сураныч, “Айыл” банк акционердик коомун менчиктештирүүнүн концепциясын, акциялардын 67% сатууну колдоп, бекитип берүүңүздөрдү өтүнөбүз.

“Айыл” банкын менчикке берүүгө каршы чыккан депутаттар банк менчиктештирилгенден кийин дыйкандарга насыя берүү ооролойт деген жүйөөнү айтышты. Өкмөттүн өкүлдөрү андай жол бербөөнүн шарттары инвестициялык келишимде жазылаарын билдирди:

-Биз ошондой шарт коюп жатабыз. Эгерде коммерциялык банктар менен пайыздары бирдей болсо, анда менчиктештирүүгө берүүнүн кажети канчалык болот. Биздин максатыбыз боюнча, үстөгү коммерциялык банктардан ылдый болуп, анан айыл калкын тейлеш керек.

Бирок Коммунисттик жана Социал-демократиялык фракциялардын депутаттары ага ынанбай, менчиктештирүү аракетин сынга алып, каршы чыгышты. Коммунисттик фракциянын депутаты Бүмайрам Мамасейитова бул менчиктештирүүнү “Айыл” банкынын эл аралык уюмдардан алган арзан насыяларын менчик ээсине берүү катары баалады:

-Бүгүнкү күнү биз 40 жылга берилген арзан насыяны келечектеги менчик ээсинин колуна берип жатабыз. Менчик ээси ошол насыяларды пайдаланат. Ал насыялар аркылуу мамлекет пайда алып, ошол эле кезде дыйкандарга жардам берсек болмок. “Айыл” банк ушул кезге чейин өзүнүн милдеттенмелерин аткарып келаткан жана аткарууга жөндөмдүү. Ошондуктан бул банкты менчиктештирүү арзан насыяларды болочоктогу менчик ээсине берүү.

Депутат Осмон Артыкбаев банктын 67% акциясын эмес, 49% менчикке берүүнү жактады. Үч саатка созулган талкуунун соңунда төрага Адахан Мадумаров “Айыл” банкын менчиктештирүүнүн концепциясы Алмаз Атамбаевдин өкмөтү тарабынан сунушталып, бирок анда азыркы өкмөттүн позициясы ачыкталбаганын, концепцияда банктын канча пайызы менчиктештирилиш керектиги көрсөтүлбөгөнүн билдирди. Мындай шартта жоопкерчиликти алууга каршы экенин төрага ачыктады:

-Кайсы варианты тандап алыш боюнча жоопкерчиликти мен жеке өзүм албаймын. Биз чарбакерлер эмеспиз, биз депутатпыз. Биз кайсы вариантта, кайсы жакка жылышын, канча пайыз менчиктештирлишин билишибиз гана керек.

Мадумаровду орун басары Чолпон Баекова да колдоп чыкты:

-Токтом 2007-жылы июнь айында талкуланып, кабыл алыныптыр. Азыркы өкмөттүн пикир жок экен. Бул өкмөт эмнени сунуштап атканы белгисиз. Азыркы өкмөт биз менен жоопкерчиликти бөлүштүргөнгө макулбу, же жокпу? Жоопкерчиликтин баары депутаттарга жүктөлүп жатат. Буларга биз беш вариантты бергенбиз, алар тандап алган. Жоопту ошолор берсин деп чыгышат. Азыр эле чет учун угуп жатасыңар го 71% добушка ээсиңер чече бергиле дегенди.

Мына ушинтип парламенттин эки жетекчисинин колдоосун ала албаган концепция жалпы добуш берүүдө да колдоого ээ болбой, кайра иштеп келүүгө өкмөткө кайтарылды. Парламенттеги өкмөттүн өкүлү Мырза Капаров маселени тез арада, кийинки аптанын бейшембисинде кароону сунуштады. Ага жооп кылган төрага өкмөттөн концепция качан ылдам келсе, ошончо тез парламентте караларын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG