Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

18:40 Ош облусунда санитардык-эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда


Бул туурасында Ош облусунун башкы санитардык дарыгеринин милдетин аткаруучу Токтайым Разыкова бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын кабарлоосуна караганда ичеги карын оорулары былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу жарым эсеге, ал эми сарык илдети дээрлик эки эсеге көбөйдү. Мында элет жериндеги таза суунун тартыштыгы өзгөчө себеп болууда. Жергиликтүү бей өкмөт уюм башчысы Төлөн Дыйканбаев ичеги карын оорулары жылда күн ысыкта кайталанат. Ошондуктан бул багытта өкмөттүн программасы жок деп сындап, оорунун алдын алуу боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн тиешелүү кызматтын жетекчилерин жоопкерчиликке тартуу абзел деп эсептейт. (АТо)

XS
SM
MD
LG