Бүгүн Барскоондо цианид кырсыгынын он жылдыгына карата жарандык форум өткөнү жатат. Ага кырсыкка тушуккан Барскоон, Тамга, Чоң Жаргылчак, Кичи Жаргылчак жана Тосор айылдарынын тургундары катышаары күтүлүүдө. Бул форум “Карек” бейөкмөт уюмунун демилгеси менен өтмөкчү. 1998-жылы 20-майда Кумтөр алтын кенине цианид жүктөлүп бараткан автоунаа Барскоон суусун кесип өтүп баратканда кырсыкка учурап, 20 тонна цианид Ысыккөлгө агып кирчү Барскоон суусуна төгүлгөн. Бул кырсыкта беш айылдын эли жабыркаган. (BuS)