Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:02

Ирландияда кластердик же чачырама бомбага тыюу салуу боюнча эл аралык конференция өтүп жатат. Жыйын өлкө башкалаасы Дублинде кечээ ачылды. Дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн ага чогулган өкүлдөрү бомбанын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/62D0DB9F-6CB0-4DE8-8314-CAE6E7820C03.asp жогорудагыдай түрүн колдонууга тыюу салуу боюнча эл аралык келишимдин долбоорун талкуулашууда. Эгер конференцияда келишимдин соңку долбоору иштелип чыкса, дүйнө өкмөттөрү ага жыл аягында кол коёт деген үмүт бар.

Кластердик же чачырама бомбанын башкалардан айрымасы капсуласы абадан жарылганда андан бөлүнүп чыккан дагы миңдеген майда дүрмөттөрдүн жарылып жана кеңири аймакка чачырап кеткенинде.

Ал деле согуш учурунда колдонууга багытталганы менен жерге түшкөндөн кийин анын жарылбай калган майда бөлүктөрү уруш аяктагандан кийин да узак убакыт бою коркунуч жаратып келет. Эл аралык Кызыл Чырым уюмунун өкүлү Лу Маресканын айтымында, кластердик бомбанын негизги көйгөйү - колдонулган аймактарда адамдарды согуш аяктагандан ондогон жылдар кийин да мерт кылып жатканында:

-Көп аймактарда бул майда бомбалардын түспөлүнө, өңүнө балдар тартылашат жана ушул нерсе аларды тобокелчиликке салууда. Алар бул майда бомбаларды таап алып, кармап көрүп, атүгүл ойноого ышкы болушат. Көп жагынан биз көрүп келгендей, эркектерге кошумча, балдар да ушул куралдын белгилүү жана бактысыз курмандыктары.

Кластердик бомбаларга тыюу салынышы үчүн аракеттенип келген Handiscap International уюмунун эсебинде, 1965-жылдан тарта 20дай өлкөдө алардын айынан бери дегенде 5500 жөн–жай адам өлүп, 7000ден ашууну жаракат алды. Булардын ичинен эң көп жабыр тарткан мамлекет – Лаос. Курмандыктардын жарымы анын үлүшүнө туура келет.

Бомбанын бул түрүнө тыюу салуу жөнүндөгү демилге бир нече жылдан бери көтөрүлүп келүүдө, бирок 2006–жылы Израил менен Ливандагы "Хезболла" тобу ортосундагы согуш демилгенин алга жылышына өбөлгө берди окшойт. Маалыматтарга караганда, согуштан кийин да 200дөй ливандык бомбанын чачырандыларына кабылып каза тапкан. Дублиндеги конференцияга катышып жаткан активистердин бири Томас Нэш мындай дейт:

-Бул гуманитардык проблема жана куралсыздануу боюнча акыркы он жыл ичиндеги ири форум. Биз алдыдагы эки аптада кластердик ок-дарыга тыюу салынышын жана алдыдагы он жылдыктарда адамдардын жашоосунда өзгөртүү жасоону көздөйбүз.

Кластердик бомбага тыюу салуу чакырыгын БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да жасаган. Ага Дублиндеги конференция алдында Рим Папасы Бенедикт XVI да кошулду:

-Өткөндүн каталарын оңдоо зарыл жана алар келечекте да кайталануусуна жол бербөө керек. Мен кластердик бомбалардын курмандыктары жана алардын үйбүлөлөрү үчүн сыйынам. Ал эми конференция катышуучулары ийгиликтүү натыйжага жетишин каалайм.

Дүйнө буга чейин ушул өңдүү маселеде биримдигин 1997-жылы көргөзгөн эле. Анда адамдарга каршы жер миналарын колдонууга тыюу салынган. Дублиндеги конференциянын катышуучулары жаңы келишимдин соңку долбоорун 30-майга чейин даярдоого үмүттөнүп жатышат.

Анткен менен Дублиндеги жыйынга Орусия, АКШ, Кытай өңдүү ири өлкөлөрдүн өкүлдөрү келген жок. Алсак Вашингтон бул маселе Кадимки курал-жарактын кээ бир түрлөрү боюнча эл аралык конвенцияны эле жаңылоонун алкагында чечилишине артыкчылык берерин билдирген.

Делегаттар үчүн башка талаштуу маселелер да жок эмес. Дублин конференциясына келген кээ бир өлкөлөр келишимди күчкө кирүү жараянында өткөөл мезгил болушун көздөшсө, айрымдары кластердик бомбанын адамдарга көп коркунуч туудурбаган кээ бир түрлөрүнө жаңы эреже жайылтылбашын каалашат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG