Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

13:15 “Кыргызстандын жаңы атуулдары” наамы ыйгарылды


“Атуул” коомдук бирикмеси өткөргөн сынактын натыйжасында: Айбек Турдалиев, Айгүл Абдылдаева, Асейин Саралаев, Кумарбек Азимбаев, Мирбек Асангариев, Сейнеп Дыйканбаева, Улан Турсунбаев жана Элнура Эмилкановаларга “Кыргызстандын жаңы атуулдары” наамы тапшырылды. “Калыстар тобу бул жаштарды жети жүзгө жакын адамдын ичинен бекеринен тандап алган жок деп ойлойм. Мисалы, Айбек Турдалиев Таласта популярдуу “Next FM” радиостанциясын ачып, дубан калкын маалымат менен камсыздап жатат. Ал эми Элнура Эмилканова Ош шаарындагы көзү азиз балдарга Брайль методу менен англис тилин үйрөтүп, эми анын окуучулары АКШга барып келүү үчүн сынактарга катышып жатышат”, - деп долбоордун башчысы Тимур Байсеркеев “Азаттыкка” билдирди. “Атуул” уюму сынакты ушул жылдын февраль айында баштаган. Наам ыйгаруу иш чарасы бүгүн өттү. (ESu)

XS
SM
MD
LG