Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

8:16 Бишкек райондор аралык сот Билим министрлигин маалымат берүүгө милдеттендирди


Бишкек райондор аралык соту Билим берүү министрлигин Жакырчылыкты кыскартуу боюнча борбордошкон фонддун каражаттары тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирди. Мындай арыз менен сотко “Психикалык саламаттык жана коом” коомдук бирикмеси кайрылган. Министр Ишенгүл Болжурова февралдагы тегерек үстөлдө фонддун каражаттары 2005-жылга чейин "бир үй бүлөгө" кызмат кылып келсе, азыр даректүү пайдаланылып, анын ичинде билим берүүгө да жумшалып жаткандыгын билдирген. Коомдук бирикменин фонддун билим берүүгө кеткен каражаты кандай жол менен пайдаланып жаткандыгын билүү максатындагы кайрылуусуна министрлик жооп берген эмес. Жакырчылыкты кыскартуу боюнча борбордошкон фонд 2004-жылы ошол кездеги президент Аскар Акаевдин жардыгы менен түзүлгөн. Фонддун эсебине Кумтөр- Сентерре гол ишканасынын акцияларынан да каражаттар которулган. Бул тууралуу “Психикалык саламаттык жана коом” коомдук бирикмесинен кабарлашты. (BuS)

XS
SM
MD
LG