Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

ЖАМУ БОЛОН СИСТЕМАСЫНА ӨЗ АЛДЫНЧА ӨТҮҮДӨ


Кыргызстандын жогорку окуу жайларын реформалоо демилгеси көп жылдан бери көтөрүлгөн менен аны ишке ашыруу жолдору аныктала элек. Өтө көбөйүп кеткен окуу жайлардын санын азайтып, бири-бирин кайталагандарын жоюу аракети деле олуттуу майнап берген жок. Ал эми жер-жерлерде ачылган жогорку окуу жайлар мындай саясатка кандай маани берип, билим берүүнүн натыйжалуу кандай жолдорун тандап жатат? Мына ушул маселелер боюнча уюшулганына быйыл 15 жыл болгон Жалалабат мамлекеттик университетинин ректору, профессор Абдымаматкадыр Ашыралиев Бүбүкан Досалиеванын суроолоруна жооп берип, маек курган.

-Абдымаматкадыр мырза, жакында Билим берүү министрлиги менен Жогорку Кеңештин жогорку окуу жайлардын билим берүү деңгээлин талкуулаган жыйыны болду. Ошондо жогорку окуу жайларда билим берүүнүн деңгээли мурдагы жылдарга салыштырмалуу абдан төмөндөп кетти, окутуу системасын кайра өзгөртүү керек деген проблема козголду. Ушул проблеманы жоюу үчүн кандай жаңы аракеттерди көрө баштадыңыздар?

- Албетте, биз Советтер Союзунун системасы менен окууну улантып жатсак көчөдө замандын башка агымы жүрүп атканда бул эки нерсе бири-бирине дал келбегендиктен азыр ушундай абалга туш келип атабыз. Ошон үчүн эмнени окутабыз деп мазмуну боюнча, анан кантип окутабыз деп формасы боюнча бир саясий чечим кабыл алып, ушундай жол менен окуйбуз демейинче бизде чаржайыттык дайыма боло берет.

Окутуунун кайсы формасын тандабайлы адамдын жаратылыштагы өзгөчөлүгүн эске алышыбыз керек. Ошондуктан, биз окутуунун кайсы системасына кошулсак дагы өз аракетибизди көрө берели деп, 2005-жылы “Учурдагы текшерүү” деген ыкманы киргизгенбиз. Студент бир ай окуйт, бешинчи жумада төрт жумада окуганы боюнча сынак экзаменин тапшырат.

Биз Болон процессине биринчи кадамдарды ушуну менен жасап атабыз. Ал жерде балл топтоодо ар бир предметти билгенине чоң баа берилет, негизги баа ошол жерде берилет. Анан экинчиси, сабакка катышкандыгы үчүн өзүнчө балл, анан сабакта активдүү отургандыгы үчүн да өзүнчө балл коюлат. Эки жылдан бери ушул система менен окутуп атабыз. Бул жаңы кадам башка окуу жайларда жок.

Былтыркы жылдын жыйынтыгын ала турган болсок, 60 пайыз студент өзүнүн күчү менен экзаменге кирбестен эле автоматтык түрдө баасын алып кетти. 20 пайыз студент сабакка күнүгө келип катышса дагы Кудай таала ушундай мүмкүнчүлүк берген экен, биринчи жолу тапшыра албай тургандыгын көрсөтүштү. Алар бир канча жолу окуп туруп анан экзамен учурунда тапшырып атат.

5 пайыз студент өз убагында оперативдүү документтерди бере албай же жетише албай калгандыгы үчүн кичине жабыр тартат экен. Анан 15 пайыз студент билим үчүн эмес, диплом үчүн окуган студенттер экендигин көрсөтүштү. Андайлар бар, 15 пайыз акчасын көтөрө чуркаган студенттер.

-Тилекке каршы көп эле окуу жайларда окутуучулар коррупциялашкан, экзамен болобу же билим деңгээлин сыноочу башка бир сыноолорго келгенде эле акчасы же тааныш-билиштикти колдонуп жатат, бербей койсо студенттерди окуудан чыгарганга чейин барат деп айтып атышпайбы. Сиздер болсо коррупцияны жоюуп атабыз деп атасыздар. Аны кантип далилдей аласыз?

- Коррупцияны эч жерде эч ким жое албайт. Аны ооздуктоо гана мүмкүн. Ушул нерсени жарыялаганда эле бир мугалим кармалып калган болсо, ошол мугалимди күнөөлүү деп айтыш керек. Жалпы ЖОЖдордун бардыгында ушундай дегенге мен каршымын.

Бизде таза иштеп аткан мугалимдерге дагы көө жабылып калып атат. Мына ушул нерсенин түпкү мааниси барып туруп эле айлыктын аздыгынан болуп атат. Бир убакта Түркияда да ушундай болгон экен. Түркияда азыркы учурда айлыкты 2 жарым миң доллар кылып койгондон кийин автоматтык түрдө жок болду. Айлыгын, мугалимдин статусун көтөрмөйүнчө бизде ошондой боло берет.

-Статус көтөрүш үчүн кайсы жактан аракет болуш керек, өкмөт тараптанбы же окуу жайлардын өзү тарабынанбы? Бул маселени чечиш үчүн жакында ректорлордун кеңешмеси болуп, анда жогорку окуу жайларды акционерлештирүү керек деген маселе көтөрүлдү, буга кандай карап жатасыз?

- Дайыма эки тараптан аракет кылмайынча эч качан жыйынтык болбойт. ЖОЖдо сабак берген доцент, профессордун айлыгы ректордун айлыгынан көп болуш керек. Ошондо кандидаттык, докторлук ишин жактагандар начальник болгонго умтулбастан, сабак бергенге, тарбия бергенге, өзүнүн деңгээлин уламдан-улам өстүрүп турганга умтулмак да.

-Ал эми азыркы окуу жайларда, мисал үчүн сиз жетектеген окуу жайда деле кандай мугалимдер иштеп жатышат. Айлыгы аз, өзүңүз айткандай социалдык шарттар жок, анан эмне үчүн иштеп жатышат?

- Анткени башка иштей турган жери жок. Экинчиден, биз күчүбүздүн жетишинче аракет кылып атабыз. Азыркы учурда Жалалабат мамлекеттик университетинде 3 миң сомдон кем айлык алган мугалим жок. Бирок 3 миң сом албетте аз.

-Айласыз келип иштеп аткан мугалимдерден кандай билим, тарбия алууга мүмкүн?

-Менин буга мамилем башка. Ал адамдын өзүнөн. Адамда мекен, эл сүйүү сезими дагы болуш керек да. Бизде борбордогу окуу жайга караганда мекен сүйүү сезими күчтүү. Анан мугалимдердин демилгечилиги, энтузиазмы күчтүү.

Жанагы кандидат, докторлордун саны боюнча азыраак, төмөн болгону менен ошол нерсени биздин агай-эжекелердин демилгелүүлүгү жеңип кетет деп эсептейм.

-Жакында ЖОЖдо окуунун акысы 15 миң сомдон кем болбосун деген чечим кабыл алынды. Региондордон барып окуган студенттердин көпчүлүгүнүн ата-энесинин 15 миң сомдон акчаны төлөп окутканга мүмкүнчүлүктөрү аз. Бул студенттердин санын азайтышы мүмкүнбү, таланттуу, табиятынан дарамети бар студенттердин билим алышына бөгөт болушу мүмкүнбү?

- Албетте, кандайдар бир деңгээлде бөгөт болот. Бул маселени талкуулап жатканда борбордо акы төлөө өзүнчө, аймактар өзүнчө каралсын деген сунушту киргизгем. Аймактык окуу жайларда кичине төмөнүрөөк кылып бергиле деп сунуш киргизгем. Бирок өкмөт кабыл алгандан кийин биз аткарышыбыз керек.

Кыргыздын эң жакшы тамагын мейманына сактаган, анан баласы үчүн эч нерсени аябаган бир жакшы касиети бар. Мен ойлойм кичине кыйналса дагы балдарын окутат го.

Анан акционерлештирүү боюнча сурадыңыз. Менин жеке пикирим - каалагандар акционерлештире берсин, ал эми мамлекеттик окуу жайда акционерлештирүүгө болбойт. Анткени мамлекеттин билим тарбия берүү боюнча өзүнүн саясаты болуш керек. Акционерлештирилген окуу жай ал саясатты укпай коюшу мүмкүн. Эгер бардык окуу жайлар акционерлештирилсе мамлекет билим, тарбия берүүдө өзүнүн саясатын жүргүзө албай калат.

-Демек акционерлештирүү жогорку окуу жайларын ээлеп калууга умтулган бир топтун саясаты деген ойдосузбу?

- Мен ушундай деп ойлойм. Анын бир канча демилгечилери бар. Бул корпустарды, аянттарды ээлеп калуу үчүн жасалып жаткан иш деп ойлойм.

-Ал эми жогорку окуу жайлардын көпчүлүгү Кыргызстанда зарыл болбогон, Кыргызстан муктаж болбогон адистиктерди киргизип алышкан. Сыртынан карасаң айтылышы абдан кооз. Ошондой адистиктерди сиздер кууган жоксуздарбы?

- Жок, бизде андай адистиктин артынан куумай жок. Бирок биз азыр аныктап алышыбыз керек, кандай концепция менен кетебиз, Кыргызстандын окууну каалаган ар бир атуулуна татыктуу билим беребиз деген максат менен кетсек бир башка мамиле болуш керек. Анан Кыргызстанга керектүү гана кадрларды даярдайбыз деген концепция менен кетсек экинчи мамиле керек. Менимче, биринчиси туура болот го.

Азыркы глобализация шартында адамды тагдыр дүйнөнүн кайсы жагына ыргытып ийишин бир Кудай өзү билет. Ошон үчүн ал кайсы жерге барса дагы өзүнүн ишин профессионалдык деңгээлде аткарууга, анан ошол жерде биздин кыргыз элинин маданиятынын жогору экенин көрсөтүүгө кудуреттүү болуш керек. Ошон үчүн мен биринчи концепцияга көп ыктайм. Бардык адистиктер боюнча окута беришибиз керек жана ал дүйнөнүн башка жерине барып иштей ала тургандай болуш керек.

-Ал эми ошондой татыктуу кадрларды даярдоо үчүн материалдык-техникалык шарт барбы?

- Албетте, бар. Окуу жайдагы башкы курал - китепкана. Биз Европалык бир уюмдун долбоору менен ошол китепкананы жабдып жатабыз. Ал жерде ар кандай маалыматтын электрондук түрү сакталат. Аларды алганга да, бир жакка жибергенге да мүмкүнчүлүктү түзүп жатабыз. Ал долбоор 2009-жылы аяктайт. Андан тышкары ар бир 18 студентке бир компьютер орнотулган. Талап боюнча 25 студентке бир компьютер болуш керек.

-Интернет менен байланыш барбы?

-Интернет менен байланыш бар. Андан тышкары виртуалдык тогуз лаборатория түзгөнбүз. Студент кандай гана формада болбосун маалымат тапса, аларды ошол виртуалдык лабораториядан көрүп, окуса болот. Ал тургай өтүлгөн лекциялар дагы видеотасмага тартылып туруп, ошол лабораторияга киргизилет. Эгер студент лекцияга катыша албай калса ошол лабораторияга келип, лекцияны көрүп окуса болот.

Бул жерде адамдын өзүнөн. Себеби, акыл Кудайдан, тарбия ата-энеден, билим ынтызарлыктан. Ынтызарлык жок болсо алтындан имарат салып, колуна супер компьютер берип койсоң дагы эч натыйжа чыкпайт.

-А мугалимдердин деңгээли кандай?

- Мугалимдердин да деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп койгонбуз. Ошол эле электрондук китеканада курстардан өткөрүп, сертификат берип, Интернеттен маалымат алып, даярданганга жана виртуалдык лабораториядан өз окутуу чеберчилигин өстүргөнгө шарт түзгөнбүз. Бул жерде деле мугалимдин өз аракетине байланыштуу, эгер өсөм десе аракет кылат. Эгер аракети жок болсо, андан эч нерсе чыкпайт.

-Сиздерден бүткөн адистердин ишке орношушу жана аларга талап кандай?

-Кыргызстанда стандарт иштеп чыгып жатабыз деп көп айтышат. Бирок, жумуш берүүчүнүн бирдиктүү стандарды жок. Бир канча жумуш берүүчүлөрдү чакырып, талабын аныктаганга аракет кылдык, бирок ким керек экендигин аныктай албай коюшту.

Стандартты иштеп чыгыш үчүн коомчулуктан угуп отуруп, мындай сапаттагы энергетик, инженер, экономист же банкир керек экен деген так талап бизде иштелбей жатат. Эгер ошондой так талап болуп, чыныгы стандарт болгондо бизде өсүү болмок. Стандарт десе эле Орусиянын даяр стандартын ала коюп, башына Кыргызстан деп жазып бере коюп жатабыз.

Эң негизги дагы бир көйгөй - биз билим беребиз деп жүрө бербестен тарбия беришибиз керек. Тарбия бергенде дагы экономисти болобу, инженери болобу, артисти болобу кыргыз элинин нукура тарбия системасы менен кыргыз элинин баалуулуктарын кошо баалап, кошо алып кетип дүйнөдө кыргызды кыргыз кылып тааныта ала тургандай деңгээлде даярдашыбыз керек.

-Азыр билим берүү тармагында жогорку окуу жайлардын саны абдан көбөйүп кетти, аларды кыскартуу керек деген аракет болуп жатат. Бирок ал көптөн бери ишке ашпай жатат. Буга кандай карайсыз?

-Ишке ашпаганына Кудайга шүгүр. Анткени, Жалалабат Мамлекеттик университети туура түзүлгөн. Биз келечекти да ойлошубуз керек. Келечекте азыр окуу жайдын филиалдары турган Ташкөмүр, Каракөл, Кербен шаарлары жүз миңдеген эл жашаган шаарлар болот. Азыр ошондогу окуу жайлардын пайдубалын түзүп койсок кийин оңой болот да.

Экинчиден, баарын борборго эле топтоп алуу жаңылыш саясат деп эсептейм. Окуу жайлардын саны көп деп кыйкырып жатышат, бирок окуган студенттердин саны жаштардын 20 гана пайызын түзөт. Калгандары көчөдө жүрүшөт.

-ЖОЖдордун негизги милдеттердин бири – илим изилдөө. Тилекке каршы көп окуу жайларда бул процесс токтоп калган. Бул багытта кандай аракеттер бар?

-Илимий мектептин түзүлүшү үчүн 20, 30, 50 жыл керек. Жалалабат университетинин уюшулганына кечээ 15 гана жыл болду. Бул убакыттын ичинде Жалалабат облусунда илимий мектептин ачылышына өбөлгө гана түзүлдү. Анткени биздин университетте иштеп жатып 52 адам кандидаттык диссертациясын, 9 адам, анын ичинде мен докторлук диссертациябызды жактадык.

Азыркы убакта механизмдердин жана машиналардын теориясы деген илимий мектеп иштей баштады. Ал Инженердик академия менен бирге бир топ иштерди жүргүзүп жатат жана ал Кыргызстанды алдыга алып кетчү багыт болот деген ойдомун. Андан башка айыл чарбасы, экономика боюнча жаштар менен бирге илимий иштерди алдыга алып кетүү аракетин көрүп жатабыз. Демек, жакынкы жылдарда илимий мектеп түзүлөт.
XS
SM
MD
LG