Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

14:50 К.Бакиев: Өздөрү акча менен диплом алган милиция кызматкерлери кантип коррупция менен күрөшмөк эле?


Бүгүн президент Курманбек Бакиев Ички иштер министрлигинин Академиясынын башчысы Абдыкапар Мавляновду кабыл алды, деп билдирет президенттин маалымат кызматы. Жолугушууда Мавлянов президентке окуу жайда ага жүктөлгөн тапшырмалар боюнча иш илгерилеп, ийгиликтер болуп жатканын айтты. Мисалы, окуу жайда паракорчулукту жоюу үчүн курсанттар арасында жашыруун сурамжылоо жүргүзүлгөн. Андан сырткары, быйылдан тарта Академияга алыскы райондордон жана социалдык оор абалдагы үй-бүлөлөрдөн жаштарды кабыл алууга өзгөчө көңүл бөлүнөт. Президент болсо Академиянын ишин баалап, өкмөт милиция кызматкерлеринин абалын жакшыртууга бар мүмкүнчүлүктү жумшап, айлыгын көбөйтүп жатканын айтты. Мамлекет башчынын ишениминде, азыр милициянын сырткы келбети эле эмес, жүрүш-турушу да, ишине болгон мамилеси да өзгөрдү. (TD)

XS
SM
MD
LG