Быйыл дүйнөлүк тамак-аштын экспортунун баасы 1 триллион АКШ долларынын ашчудай. Бул былтыркыга караганда бир чейрекке көп. Мындай эсептөөлөрдү Бириккен Улуттар Уюмунун тамак-аш жана айыл-чарба бөлүмү таратты. Уюмдун маалыматы боюнча тамак-аш импортуна таянган жакыр өлкөлөр кыйын абалга кабылат. Алар тамак-аш сатып алганга 40 пайызга көбүрөөк акча жумшап калышат. Былтыр тамак-ашка болгон муктаждыктын өсүшүнөн, мунайдын баасынын жогорулашынан жана биоотунду көп өндүрүүгө байланыштуу азык-түлүктүн баасы кескин жогорулаган.