Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

14:50 Швейцария өкмөтү Кыргызстандын маданият тармагын колдоого гранттарды бөлүүдө


Аталган иш аракет Швейцариялык кызматташтык бюросунун искусство жана маданият программасынын алкагында өлкөдөгү чыгармачылык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган. Бул тууралуу “Азаттыкка” бюронун коом менен байланыш менеджери Анна Левченко билдирди. Анын айтымында грант алуу сынагына чыгармачыл жергиликтүү уюмдар жана жеке тараптар катыша алат. Ал эми гранттардын өлчөмү 1500дөн 2500гө чейинки АКШ долларын түзмөкчү. Белгилей кетчү жагдай, Швейцариянын өкмөтү Кыргызстандагы маданият, искусство тармагын колдоого жана өнүктүрүүгө 1998-жылдан бери өз салымын кошуп келет. (ESu)

XS
SM
MD
LG