Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

Ооганстандын өкмөтү акыры бир күнү талибдер менен сүйлөшүү жүргүзүшү керек


Ооганстандын АКШ колдогон азыркы өкмөтү акыры бир күнү мурдагы Талибан режиминин козголоңчулары менен элдешүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек. Бул тууралуу бүгүн Парижден француз тышкы иштер министри Бернард Кушнер билдирди. Ал белгилегендей, душман менен сүйлөшүү чындап зарыл же зарыл эместигин президент Хамид Карзайдын өкмөтү чечиши абзел. Бирок Ооганстандагы коопсуздук кырдаалы начар экенин эске алганда, мындай сүйлөшүү азыр эртелик кылмак. Француз министри кошумчалагандай, АКШ жана НАТО баштаган күчтөр өлкөгө стабилдүүлүк ортнотуу аракетинде талиб согушкерлери менен күрөшүн оогандар аларды оккупанттар катары караган шартта жүргүзүп жатканы " өтө опурталдуу".

XS
SM
MD
LG