27-майда Өнөр жай, соода, туризм, кичи жана орто бизнес, транспорт, коммуникация, курулуш жана архитектура комитетинин кезектеги отурум өтөт. Анда жолдорду өнүктүрүү боюнча президенттик программанын долбоору талкууланат. Буга байланыштуу докладды транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов жасай турганы кабарланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)