Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:55

Өтүп бараткан аптада президент Курманбек Бакиев башында турган “Ак жол” партиясында чыр чыкты. Буга төрага Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин имаратынын ичин жаңылоо жөнүндөгү токтом долбоорун парламенттен өткөрүү аракети себеп болду. Токтом долбоорун “Ак жол” фракциясы дагы, бюджет комитети дагы колдогон жок. Ошол эле мезгилде байкоочулар бул документ президенттин айланасындагы саясий күчтөрдүн көптөн бери келаткан тымызын тирешин --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/CFFEC010-2262-4633-8E1F-63646475D966.asp ачыкка чыгаргандыгы менен тарыхта калды деп жатышат.

Жогорку Кеңештин кире беришин, эки жыйындар залын, төрага жана анын орунбасарларынын иш бөлмөлөрүн жаңыртып чыгуу демилгесин төрага Адахан Мадумаров парламенттин 85 жылдыгын утурлай көтөрүп чыккан. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн болжол менен 40 миллион сомдон ашык каражат талап кылынат экен. Бейшемби күнү парламенттин талкуусуна коюлган бул маселе президент Курманбек Бакиев менен да, өкмөт башчы Игорь Чудинов менен да макулдашылганын жалпы жыйында Адахан Мадумаров депутаттарга түшүндүрдү:

- Мунун баарын Мадумаров жалгыз чечкен жок. Кыргыз республикасынын президенти Курманбек Бакиев менен сүйлөшкөнүбүздө ал кишиден толук колдоо алганбыз. “Өкмөт менен биргелешип иштегиле, булагын көрсөткүлө” деди.

Каржы министри Тажикан Калимбетованын маалыматы боюнча Жогорку Кеңештин 2008-жыл үчүн бюджетинен талап кылынып жаткан акчаны табууга болот. Министр ошондой эле бул маселени ремонтко, курулушка чектелген каражаттарды бири-бирине ооштуруу аркылуу чечсе болорун белгиледи.



Төраганын ушундай жол менен Жогорку Кеңештин имаратын реконструкциялоо аракетине ириде парламенттеги “Ак жол” фракциясынын лидери Элмира Ибраимова каршы чыкты. Президенттин аманатын парламентте угузган Элмира Ибраимова шайлоо алдында жаңы эле ремонттон өткөн имаратты кайра жаңылоо зарылчылыгы жок деп билдирди:

- Бизде чыгаша көбөйүп атат. Мугалимдердин, сот тармагынын айлыктарын көтөрүү Камабарат ГЭСин куруу, жол куруу, мектеп куруу чечимдери кабыл алынган. Мунун бардыгы бюджетке оорчулук келтирет. Ошондуктан, анын (президенттин) ою боюнча бул маселени кароо жөнсүз болуп калат. Ушул көз карашты Жогорку Кеңештин депуаттарына билдирип кой деп суранган. Мен ошону аткарып жатам. Ошондуктан президентке шылтаганды коелу.

Президенттин атынан жасалган Элмира Ибраимованын билдирүүсү Жогорку Кеңештин төрагасы Мадумаров тарабынан Конституцияны бузуу катары кабылданды жана өзүнө карата ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө маселесин добушка коерун жарыя кылды:

- Мага өкмөт тарабынан дагы, сот бийлиги тарабынан дагы бирдей сый-урмат менен мамиле жасаганды талап кылам. Бул менин талабым эмес, Конституциянын талабы. Эгер мага бир айтып, эки-үч кишиге башкача айтып... бул саясат эч кимди жакшылыкка алып барбай турган саясат. Ошон үчүн мамлекет жетекчилиги деп айтат. Мен бул маселени даярдайм. Добушка коем андан кийин. Ушуга көптөн бери жетише албай жүрүшөт. Мен өзүм жолуңуздарды ачып берейин.

Окуянын өнүгүшүн акмалагандар “Ак жол” партиясында чыккан бул чатак мамлекеттин бюджетине күйгөндөн эмес, саясий кызыкчылыктардын кайчылашышынан көрүп жатышат. Бул ириде президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов менен Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Маудмаровдун тирешүүсү менен байланыштырылууда.



Администрация башчысы тарабынан Жогорку Кеңештин төрагасынын имарат реконструкциясына байланышкан демилгесин колдобогон билдирүү таратылышы, Мадумаровдун болсо Садыркуловду айыптап чыгышы өңдүү көрүнүштөр ого бетер кырдаалды күчөткөндөй болду. Маселен, Мадумаров парламентте Садыркулов иштеп турганда бийлик оңолбойт деп билдирди:

- Жанагы президенттин администрациясы баш болгон шайтандар тобу бар, “А” десең, “Б” деди деп көрсөтөт, - деди Мадумаров парламентте.

Андан бир күн мурда уюштурган маалымат жыйынында төрага администрация башчысын “популист” деген доомат койгон. Жогорку Кеңештин ремонтуна байланыштуу демилге аркылуу Мадумаров катачылык кетирди деп эсептеген Садыркулов болсо төраганын айткандарына таң калып жөн болду:

- Мен биринчи кезекте ушуга таң калам. Бул аябай таң калчу нерсе. Садыркулов жактан каяктагы популизм. Садыркулов Курманбек Салиевичтин тапшырмасын өткөрүп атат. А киши азыр бардыгын өзү аябай катуу көзөмөлгө алды.

Бирок президент Курманбек Бакиев жума күнү Жогорку Кеңештеги чууну тынчыткандай болду. Жаңы парламент келер алдында 19 млн. сомду коротуп, оңдоп-түзөлгөн имаратты кайра оңдойбуз деп, бул маселени чоң чатакка айландыруунун кажети жок деди президент Ак үйдө министрлер менен жолугушууда. Ушул эле күнү бюджет комитети “Жогорку Кеңештин жыйындар залдарын, жетекчиликтин иш бөлмөлөрүн жана кире беришти реконструкциялоо жөнүндөгү” токтом долбоорун колдобогон чечим чыгарды. “Ак жол” фракциясы да өзүнчө чогулуп, Мадумаровдун айланасындагы маселени ырбатпайлы деген кепке келишти.

Саясат таануучу Нур Омаровдун көз карашына караганда, чатактын ушинтип аякташы президент өзү муктаж саясий күчтөрдүн тирешүүсү баары бир өзүнүн көзөмөлүндө экендигин дагы бир ирет далилдеди:

- Бул президенттин аргасыз позициясы. Бир жагынан ал Садыркуловду президенттик администрация башчысы катары колдоп атат. Экинчи жагынан Мадумаровду парламенттик республикадагы негизги позицияны ээлеп турган “Ак жолдун” иш жүзүндөгү чыныгы башчысы катары колдойт. Ошондуктан, алардын ортосунда турууга президент аргасыз. Чын-чынына келгенде президент башкы позицияда турат, ошондуктан Мадумаров менен Садыркуловдун ортосундагы чатакты иш жүзүндө президент көзөмөлдөп турат.



Жогорку Кеңештин мурдагы төрага Өмүрбек Текебаев мындан эки жыл мурда президент менен тирешип, анын арты өзүнүн кызматтан кетиши менен аяктаган. Текебаев аталган маселе боюнча “Азаттыктын” суроолоруна берген жообунда президент менен Жогорку Кеңеш азыркы төрагасынын ортосундагы чыңалууну Мадумаровдун жаштыгынан көрдү:

Өмүрбек Текебаев: - Адахан мырза жаштык кылып орунбасарлары менен парламенттин 85 жылдык юбилейин өткөргөн атабыз, ошого парламенттин имаратын оңдосок деген оюбуз бар дегенде ал киши макул, мен силерди колдойм деп уруксат берген экен, Мадумаровдун сөзү боюнча. Анан ал ишенип, программасын жарыялап, мыйзам токугандан кийин коомдун пикиринен корктубу, бүгүн кыйынчылык болуп атса, 1,5 млн. доллар деген көр акча...

Мен убагында, төрага болуп турганда пардаларды алмаштыра албай койгом. Баасы 900 миң сом болуп кетет дегенде “кой, болбойт, эл эмне дейт, алтындан болгон пардабы деп айтат” деп болбой койгом. Эл имараттын чоңун кайдан билет. “Иш бөлмөсүнө 1 млн. сомдук парда илип алыптыр деп айтат да” деп токтотком. Ошол пардалар дагы эле илинип турган болушу керек.

Анан эртеси президент элден коркуп кеттиби, администрация жетекчисинин оозу менен, бүгүн “Ак жол” фракциясынын жетекчисинин оозу менен мен буга каршымын деп чыкпадыбы. Анан албетте, жаш саясатчы күйүп кетти да, мага бирди айтат, башкаларга бирди айтат деп.

“Азаттык”: -Кандай деп ойлойсуз, ушул окуянын келип чыгыш себеби эмнеде? Артында эмне турат?

Өмүрбек Текебаев: - Президенттин айланасындагылар бир топ-топко бөлүнүп, келишкис чабышып жатканы жөнүндө маалыматтар ар дайым сыртка чыгып турган. Алардын бири катары ошол адамдын бармагы менен кулагынын кесилип, администрация жетекчисине белекке бергенге чейин барган – бул абдан кылмыштуу тирешүү.

Президенттин айланасында эки-үч топ - алар баалуу объектилерине көзөмөл жүргүзүү, аларды сатууда чабыш болуп атат. Ошол чабыш кызмат адамына байланып, аны кызматтан кетирүү аракети болуп атат.

Көпчүлүк угарман, окурмандар билишпейт: экинчи топ Садыркуловду февралдын ортосунда жумуштан алдырып, президенттин жардыгын чыгартканга чейин жеткен. Түштөн кийин президент айнып, ал жардыгын жоготуп, Садыркуловду ордуна койгон. Бул президенттин айланасында күчтүү топтор, кубаттуу адамдар бар экенин билдирет. Бирине бар, бирине жок деши да президенттин өз алдынча эместигин, анын ордуна чечимдерди башка топтор аларын, алардын барымтасында болуп калганын далилдейт.

“Азаттык”: - Эмне үчүн Мадумаров төрагалыкты өткөрүп берүүгө байланышкан маселени көтөрүп чыкты?

Өмүрбек Текебаев: - Көрүнүп эле турат, “тойдум байдын кызына” деди го. Ага бирди айтып алдыга сүрөп, “Ак жолго” бирди айтып тормуздаткан кимге жаксын. Ал өзүнө төрага катары мамиле кылышын талап кылып атат. Аны “Ак жол” депутат кылдыбы, президенттин амири менен төрага кылдыбы, баары бир оюндун эрежеси бар. Конституциядагы тартип бар. Ага төрагадай мамиле жасалышы керек. Балким, Мадумаров ошону талап кылып аткандыр.

“Азаттык”: - Талаш-тартыштардан сиз деле байкап келатасыз, парламентте Мадумаров көпчүлүк депутаттарга жакпайт. Таасири аз сыяктанат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Эмне үчүн бул жолу депутаттар аны коргоп кала алышкан жок?

Өмүрбек Текебаев: - Мадумаров ары да, бери да эмес ара жолдо кыйналып жүрөт. Парламентте азыр табият башка. “Акжолчулар” жакшы көрөбү, жаман көрөбү “Ак жолдун” көрсөтмөсүн аткарат. Оппозициячыл деген топтун өзүнчө көз карашы бар. Адахан президенттин айланасындагы атаандаштык күрөшүнүн биринчи курмандыгы болушу мүмкүн.

“Азаттык”: - Мадумаровду келерки президенттикке талапкер катары көрбөйсүзбү? Балким ошол сиз айткан саясий күчтөрдүн ортосундагы күрөш ошого жараша болуп аткандыр?

Өмүрбек Текебаев: - Албетте, Орто Азияда, Кыргызстанда оппозицияда болуу бийликке баруунун эң узун жолу. Балким түбөлүк бийликке жетпейсиң. Бийликке баруунун эң жакын жолу коюн-колтукта, президенттин жанында болуу. Муну КМШ өлкөлөрүнүн, Чыгыш өлкөлөрүнүн тарыхы көргөзүп атат.

Ал эми президентке бир кадам турган - бул төрага. Ал Кыргызстанда экинчи адам болуп, кокус президент милдетин аткара албай калса, президент боло турган адам. Балким ушул кырдаал дагы кээ бир топторго жакпай жаткан болушу мүмкүн.

“Азаттык”: - Садыркулов жөнүндө абдан көп сөздөр айтылат, президентке жаккан адам катары, ага таасири күчтүү адам катары эсептелет. Садыркуловдун күчү эмнеде?

Өмүрбек Текебаев: - Ал - күчтүү саясий технолог.

“Азаттык”: - Маегиңизге ырахмат.

Ошентип, Жогорку Кеңешти ремонттоого байланышкан токтом долбоорунун арты менен ачыкка чыккан “Ак жол” партиясынын лидерлери ортосунда чыккан чыр ушуну менен пас-пас болобу, Адахан Мадумаров өзү көтөргөн “төрагага ишеним көрсөтүү-көрсөтпөө” маселесин кайра козгойбу, белгисиз.

Бир топ байкоочулар президенттик шайлоо жакындаган сайын ар кандай шылтоолор менен коштолгон мындай тирешүүлөр күчөй берерин, андагы башкы фигуралардын бири Адахан Мадумаров болорун эскертишүүдө. Маселен, саясат таануучу Нур Омаров муну келерки президенттик шайлоого Курманбек Бакиев менен теңата талапкер болуш ыктымалдыгы бар саясатчылардын бири Мадумаровдун төрага болуп турушу президенттик администрациянын көбүрөөк кыжырын келтириши мүмкүн дейт. Ага жараша төрагалыктан кетирүү боюнча тымызын аракеттер уланышы ыктымал.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG