Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

10:10 ЕККУнун Бишкектеги борборуна жаңы башчы дайындалды


Бул орунга жаңыдан дайындалган элчи Эндрю Тезорьер 23-майдан тарта ишке киришкенин аталган уюмдан бүгүн кабарлашты. Элчи Эндрью Тезорьер тажрыйбалуу Британ дипломаты, ал БУУда да иштеген. Буга чейин ал Улуу Британиянын Алжирдеги, Латвиядагы жана Албаниядагы элчиси болгон. Ошондой эле Ооганстанда БУУнун атайын миссиясын жетектеп, гуманитардык талаа операцияларынын башчысы да болгон. “Элчи Тезорьер өзгөчө саясат, мамлекеттик башкаруу, экономика, гуманитардык жардамдар жана шайлоолор, адам укуктарын коргоо жаатында зор тажрыйбага ээ”, - деп айтылат бүгүн таратылган маалыматта. Ал 2004-2005-жылдардагы Ооганстандагы шайлоодо ЕККУнун жогорку байкоочусу болуп, Бишкек борборуна башчылыкка дайындалганга чейин болсо (2007-2008) НАТОнун Ооганстандагы ага кеңешчиси кызматын аркалаган.(SM)

XS
SM
MD
LG