Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

12:00 Кыргызстандык делегаттар Женевадагы саламаттыкты сактоо боюнча жыйынга катышууда


Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бириккен улуттар уюмунун алдындагы өкүлчүлүктөрү жана элчиликтеринин өкүлдөрү Женева шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассамблеясынын 61-жыйынына катышып жатышат. Кыргыз делегациясын Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов жетектөөдө. Ассамблеяга мүчө өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрлери коомдун саламаттыгына байланышкан маселелерди талкуулашып, уюмдун 2008-2009-жылдагы бюджети бекитилди. Ага ылайык ассамблеянын бюджети 4,2 миллиард долларды түзүп, былтыркыдан 1 миллиардга көп болду. Жыйындын катышуучулары каржылык маселелерди талкулоо учурунда Кыргызстандын мүчөлүк төлөмдөр боюнча карыздарын 20 жылга реструктуризациялоо чечимине келишкен.(IJz)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG