Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:06

З.ЭРАЛИЕВ: БИЗДИН ТАГДЫРДЫ БИР ЭЛЕ АДАМ ЧЕЧИП КОЙДУ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ мамлекет башчысынын жардыгы менен Кыргызкино --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/culture/ky/2008/05/70186990-F722-4922-848F-012D047D816A.asp улуттук концерни жоюлду. Киноматография тармагындагы мындай өзгөрүү кайрадан бутуна туруп келе жаткан кыргыз киносунун өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет, деген пикирлер азыртадан айтылып баштады. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Кыргызкино улуттук концернин жетектеп келген режиссер Замир Эралиев жооп берди.

-Замир мырза, Кыргызкино улуттук концернин жоюуга сиз алгачкылардан болуп каршы чыгып келдиңиз эле. Жүйөөлөрүңүздү кыскача айтып кетсеңиз. Аталган концернди Маданият жана маалымат министрлигине кошуудан кыргыз киносу эмне жоготот?

-Бул биздин структурабыз 1960-жылдан баштап, 5-6 жолу Маданият министрлигине кирип, ана ошол заматта, ошол күндөрдө, ошол жылдарда эч качан өскөн эмес. Мисалы, биздин Мелис Убукеев деген атактуу режиссерубуз дал ушул Маданият министрлигинде “Ак тоолор” деген тасмасын тарталбай калган. “Күндүн сыры” деген абдан мыкты, мүмкүн гениалдуу тасма чыкмак, ошол тасманы дагы, Маданият министрлиги эми капа болбосун, министр азыр дагы бар, кинону түшүнбөгөн үчүн кабыл албай, ошону тарттырбай, тасма токтоп калган.

Менин оюмча министрликке кирген абдан туура эмес болуп калды. Мени менен бул жерде эч ким акылдашкан жок. Бир гана киши ушул кыргыз кинонун тагдырын чечип койду. Бул киши - Нур уулу Досбол. Менимче, Нур уулу Досбол маданият жагын түшүнсө, бирок кино жагын жакшы түшүнбөйт го деген ойдомун.

Ошондуктан ортобузда дагы туура эмес мамилелер, туура эмес бири-бирибизди түшүнбөгөн сөздөр болуп кетти окшойт. Мен деле мындай кылса болот эле, тигиндей кылса болот эле деп айтканга аракет кылдым. Бирок бири-бирибизди түшүнбөгөндөй болуп калдык.

-Жакында эле Эсеп палатасы сиз башкарган Кыргызкино улуттук концернине бөлүнгөн каражаттар максатсыз чачылган деген жыйынтыгын чыгарды. Кечээ сиз өзүңүз деле маалымат жыйынында айткандай, мамлекет бир жылга бөлүп жаткан 42 миллион сом каражат кандай максатта жумшалат? Дегеле ушул улуттук киноконцерндин материалдык-техникалык базасын чыңдоого сиз буга чейин аракет жасай алдынызбы?

-Биз абдан эле аракет кылдык. Мен жумушка келгенде Кыргызкинонун төрт миллион сом эле акчасы бар болчу. Эски иштебеген камерасы бар болчу. Азыр биз дүйнөлүк масштабдагы Жорж Лукас тасма тартып жаткан камераларды алдык, 4 миллион 125 миң сомдук. Андан тышкары 2006-жылы “Hi-DV” деген камераны алдык.

Былтыр дагы ушул камераны алганбыз кыргыз тасмалары үчүн. Аны биздин генералдык директор Бакыт Карагулов “бул тендерден өткөн эмес, ошондуктан биз муну ала албайбыз”, деп ошол камера дагы техникалык жактан пайдаланылбай калды. Кыргызкино фондко дагы эски болсо дагы камера алганбыз. Ал дагы иштебей калды. Иши кылса, биз техникалык жактан киностудияны көтөрө баштаганбыз.

Бул жерде Эсеп палатасынын иштегени мага өтө жаккан жок. Келген өкүлү атайын менин жумушумду жамандайын, атайын мени жумуштан четтетейин деген максат менен келиптир. Ошондуктан менин жумушум боюнча жакшы бир дагы сөзү жок. Жасаганымдын бардыгын жамандап, ошону дагы Курманбек Бакиевге туура эмес жол менен айтып бериптир, ошон үчүн эле Кыргызкино жок болуп калды.

-Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG