Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Жогорку Кеңеш жакында митинг, жыйындарды --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/05/05DBCEC4-4A32-43EF-BF01-71222F5B4089.asp өткөрүү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун кароого камданып жатат. Бирок укук коргоочулар ал мыйзам кабыл алынса, тартип коргоо органдары менен митингдин катышуучуларын карама-каршылыкка алып барчу мыйзам деп, аны эл аралык экспертизадан өткөрүүгө чакырып жатышат.

Укук коргоочулардын кооптонуусун эң ириде долбоордун “Өз оюн ачык билдирип жаткан жарандар жолдорду тосууга, саламаттык сактоочу жайлардын жанында кыйкырык-чуу салууга укугу жок жана мамлекеттик мекемелерди тосуп, коомдук коопсуздук менен аймактык бүтүндүккө коркунуч келтирбөөгө тийиш” деп жазылган жобо жаратууда. Андан тышкары митинг өткөрүү тууралуу бийликке эскертүү берүү иш жүзүндө уруксат алуу менен барабар болуп калды жана эскертүү 12 күн мурун берилип, митинг өткөрүлө турган жерди бийлик өзү тандайт деген талаптар тынчсыздандырууда.

“Ачык көз караш” аттуу коомдук фонддун жетекчиси Дмитрий Кабактын айтымында, мындай жоболор жарандардын өзүн тынчсызданткан маселе боюнча көз караш, оюн митинг, пикет, жыйындарды өткөрүп бийликке тез жана ачык билдирүүсүнө бут тосот:

-Бул мыйзам атуулдардын тынч митингдерди өткөрүү укугун ишке ашырууга жардам бермек турсун кайра көптөгөн чектөөлөрдү коет. Маселен, долбордо митинг өтчү жерди жергиликтүү бийлик өзү аныктайт деп жазылган. Мындай жерлерди бийлик аныктап береби? Экинчиден, аныктап берген жер митингдин катышуучулары шылдыңга калчу жер болбойбу деген өтө олуттуу суроо пайда болот. Себеби, митингдин башкы максаты - жарандарды тынчсызданткан маселеге бийлик менен коомчулуктун көңүлүн буруу болгондон кийин бийлик тандап берген жерде өткөн жыйынды ким көрүп, ким кабар алат?

“Мен ишенбейм” кыймылынын лидери Гүлшайыр Абдрасулова болсо тынч митинг өткөргөн элдин коопсуздугун бийлик камсыз кылат деп Конституцияда жазылган талап долбоорго киргизилген эмес, андан тышкары митингге тыюу салуу жана катышуучуларды кармоо жол-жоболору так жазылган эмес дейт:

- Соттор эмненин негизинде митинг өткөрүүгө тыюу сала алат жана тартип коргоо кызматкерлери жарандарды кармап, эмненин негизинде камакка ала алат деген жобо жок. Бул атуулдар менен тартип коргоо органдарынын ортосунда чоң карама-каршылыкты пайда кылышы мүмкүн. Андан тышкары жарандар сот бийлигине ишенип, жергиликтүү бийлик менен тартип коргоо органдары туура эмес аракеттерге барып жатат деп сотко кайрыла турган болсо соттор өзүлөрү эле чечим чыгарып, жыйын өткөрүүгө тыюу салышы толук мүмкүн.

Дагы бир укук коргоочу Максим Кулешов болсо бул мыйзам долбоору Бишкек шаар кеңешинин өткөн жылдын аягында кабыл алган менен укук коргоочулар этибарга албай койгон токтомун мыйзам деңгээлине жеткирүү максатын көздөгөн кыргыз бийлигинин буйругу менен даярдалды деген ойдо:

- Бул буйрук менен даярдалган. Анткени, бийликте тургандар өздөрүн гана ойлошот.

Мыйзам долбоорун даярдаган депутат Исхак Масалиев укук коргоочулардын мындай пикирине караманча каршы. Анын айтымында, долбоор жаңы Конституциянын талабына ылайык, тартипти камсыз кылуу максаты менен даярдалды:

- Конституцияда атуулдардын ушундай митинг, жыйындарды өткөрүүгө укугу, эрки бар деп жазылган. Ошол укуктар кандай эреже менен кантип өтүш керектиги мыйзам менен чектелет деп жазылган. Мына ошол чекти эрежелерге салып, мыйзам негизинде ирээтке салуу максаты менен ушундай долбоор иштелип чыкты.

Исхак Масалиев 12 күн мурун эскертүү берүү жобосу митинг өткөргөндөргө чектөө салуу эмес, тескерисинче алардын укугун коргоого жергиликтүү бийликти милдеттендирүүгө багытталгандыгын белгилеп, мындай талаш жараткан жоболорду оңдоого укук коргоочулар сындагандан башка сунуш бербегендиктерине кабатырланды:

- Куру сындарды эле айтып жатышат, бирок сунуш жок. Мени жамандагандан башка бир сунуш уккан жерим жок.

Анткен менен саясат талдоочулар долбоор кабыл алынса коомдо карама-каршылыкты курчутушу ажеп эмес, анткени, элдин оюн эркин билдирүүнү чектөө эртеби-кечпи күтүүсүз чечимдерге алып барат деп жатышат. Алардын бири Орозбек Молдалиев:

-Өз убагында айтылбаган каршы ой бара-бара радикалдашып кетет. Андан кийин күч колдонууга алып барат. Баягы 2004-жылдагы окуялар эстен чыгып кеткен турбайбы! Так мына ушундай тыюу салуулардын азабынан кийин көтөрүлүш чыгып кетпеди беле. Мындай иштер айрыкча азыр абдан коркунучтуу. Баалар күндө өсүп жатат, транспортто жүрүү акысы кымбаттаган турат, жарык күндө өчөт. Ошонун баары элдин кыжырын кайнатып жатат. Анан ошону билдирүүгө тыюу салынса, анда чоң каршылыктардын чыгып кетиши толук мүмкүн.

Ал эми укук коргоочулар Жогорку Кеңеш депутаттарын долбоорду шашылып кабыл албай, биргелешип оңдоого жана мыйзамды эл аралык стандарттарга дал келтирүү үчүн Венеция комиссиясына экспертизага жиберүүгө чакырып жатышат. Бирок парламенттин тиешелүү эки комитети долбоорду жактырып, жалпы талкууга сунуш кылды.
XS
SM
MD
LG