Саммитке президент Курманбек Бакиев, эл аралык донор уюмдардын, өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Мадамин Каратаев “Азаттыкка” билдирди. Саламаттык сактоо тармагы үчүн арналган “Манас таалими” программасын аткаруу 2006-2010-жылдарга белгиленген жана ал үчүн донорлор тарабынан 57 миллион доллар каражат бөлүнгөн. (AiT)