Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

ТЕЛЕРАДИО БЕРҮҮЛӨР ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМГА НААРАЗЫЛЫК БИЛДИРИЛЕТ


Кыргызстандын медиа коомчулугу “Телерадио берүүлөр тууралуу” мыйзамга кол койбоо өтүнүчү менен өлкө президентине кайрылуу кабыл алды. Аталган мыйзам долбоорун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/free_speech/ky/2008/05/4AD695E8-AABD-4A3B-B457-8115E4345C99.asp талкуулаган бүгүнкү жыйында бул долбоор демократияга, сөз эркиндигине каршы келээри, эгер ал күчүнө кирсе бир катар телерадикомпаниялардын жабылуусуна алып келиши ыктымалдыгы белгиленди. Ошондой эле бул мыйзамга каршы өлкөдөгү телерадиолордун эфири аркылуу нааразылык чараларын өткөрүү жана анын түрүн аныктоо боюнча жумушчу топ түзүлө турган болду.

Жыйында бул мыйзам долбоору парламентте эч кандай талкуусуз эле, өтө шашылыш кабыл алынганы айтылып, Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин төрагасы Иса Өмүркулов аны кайра иштеп чыгуу зарылдыгына токтолду:

- Бул мыйзам менен биз өзүбүздү өзүбүз чектеп жатабыз. Анын талаптарын азыр бир да телекомпания аткара албайт. Бул демократиянын бардык формаларынан артка кетүү. Аны эч кимдин укугу бузулбагыдай кылып кайра иштеп чыгуу керек.

Маданият жана маалымат министрлигинин маалымат саясаты боюнча башкармалыгынын башчысы Мелис Айдаркуловдун пикиринде, мындай мыйзам керек, бирок кабыл алынган долбоор өтө эле чийки:

- Мыйзам кабыл алынышы негизи туура эле, мындай мыйзам керек эле бизге. Кеп ал кандай формада, кандай ыкмада кабыл алынганында. Анан көп нерсе анын мазмунунда жатат да. Мыйзам шашылыш кабыл алынды. Анын нормалары бүгүнкү реалдуу турмушка туура келбейт. Мыйзамдын үстүндө дагы иштеш керек.

Жыйынга катышкан айрым маалымат каражаттарынын жетекчилери да эгерде мыйзам күчүнө кирсе ал телерадиокомпаниялардын жабылуусуна алып келээрин белгилешти. Көз карандысыз ОшТВ телекомпаниясынын башчысы Халилжан Худайбердиев азыркыдай шартта бул мыйзамдын талаптарын аткаруу мүмкүн эмес дейт:

- Логикалык жактан мүмкүн эмес анын талаптарын аткаруу. Анын аткарылышы үчүн өлкөдөгү телерадикомпаниялар жабылышы керек. Себеби анда мыйзамды аткарбаган телерадиокомпаниянын лицензиясы алынат деген пункт бар. “Жети өлчөп, бир кес” деп коет эмеспи, а бул жерде бир да жолу өлчөнгөн эмес.

“Алмаз” радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратов да ушундай эле пикирде:

- Эгер президент буга кол койсо бүт теле жана радиокомпаниялар артка кетет. Түркмөнстан менен Өзбекстандай болуп калабыз да. А Кыргызстандын келечеги демократия жана ачык коом болушу керек, башка айлабыз жок.

Мындан сырткары бул мыйзам коомдук телекөрсөтүү боюнча демилгени да жокко чыгараары белгиленди.

Чакырылганына карабай жыйынга көпчүлүк телерадиокомпаниялардын жетекчилери келген жок. Жыйынды уюштурган Медиа өкүлчүлүк институтунун башчысы Илим Карыпбеков муну алардын бийликтен коркуусу жана кайдыгерлиги менен байланыштырат.

- Көпчүлүгү саясатка кийлигишүүдөн качса, экинчиден бийликтен коркуп жатышат. Аларда жыштыгыбызды алдырып коебуз же башка кысымдарга кабылабыз деген коркунучтар бар. Андан кийинки себеп – кайдыгерлик. Менин компаниям өсүп-өнүгүп атат, калганыңар эмне болсоңор ошо болгула дегендей. Тилекке каршы бул алысты ойлобогондук. Анткени мыйзам күчүнө кирсе ошолордун эле башына тийчү нерсе болот да.

Ошентип жыйын соңунда коомчулукка коңгуроо кагып, бул мыйзам күчүнө кирсе анын жыйынтыгы кандай болоорун түшүндүрүү жана муну бийликке, президентке жеткирүү үчүн бар арганы жасоо зарылдыгы айтылды.

Ошондой эле ар кандай нааразылык акцияларын өткөрүү тууралуу сөз болуп, бардык телерадио берүүлөр аркылуу бир убакта аза күтүү музыкаларын коюп туруу нааразылык билдирүүнүн, коомчулуктун көңүлүн бурдуруунун бир түрү катары айтылды. Бул үчүн эми атайын жумушчу топ түзүлүп, мындай нааразалык билдирүүнүн түрүн аныктап, жол-жобосун иштеп чыга турган болду.

Мындан сырткары жыйында эгер мыйзамга президент кол койо турган болсо, дароо ага өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча аракеттер көрүлөөрү белгиленди.
  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG