Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Грузия: Орусия Абхазиядагы сепаратисттерди курал менен камсыздоодо


Грузиянын ички иштер министри Вано Мерабишвили орустардын “Коммерсант” гезитине берген интервьюсунда «Россия Абхазиядагы сепаратисттерди курал менен камсыздоодо. Муну менен алар Грузиянын НАТОго киришине тоскоолдук түзүүнү көздөшөт», - деп билдирди. Министрдин ырастоосунда, Москва козголоңчуларга акча, курал-жарак берип, 150 миллион долларлык антиракеталык системаны сатып алууну каржылаган. Бул аралыкта грузин президенти Михаил Саакашвили эмки жумада Орусиянын жаңы мамлекет башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушуп, сепаратисттик жумурияттар айланасындагы маселени талкууларын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG