Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

ЖҮЗДӨН АШЫК ӨЛКӨ КЛАСТЕРДИК БОМБАГА КАРШЫ


28-майда 100дөн ашуун өлкө кластердик --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/05/78A1FCA7-E481-4E39-8DC3-29694B37CE2E.asp же чачырама бомбаны колдонбоо жана өнүктүрбөө жөнүндө макулдашышты. 10 күн бою талкууланган документ расмий түрдө жума күнү кабыл алынып, декабрда кол коюлат деп күтүлүүдө. Бирок чачырама бомбаны чыгарган бир катар мамлекеттер Дублиндеги жыйынга катышпагандыктан, келишим канчалык таасирдүү деген суроо пайда болууда.

“Кластердик курал-жаракка каршы коалиция” деп аталган топтун жетекчиси Томас Нэш сөз болгон келишимге жетишүү үчүн көп аракет жумшады:

-Бул документ өтө олуттуу. Ал жаңы эларалык нормаларды, стандарттарды киргизет жана кластердик бомбаларды колдонбоого үндөйт.

111 өлкөнүн өкүлдөрү “эч качан жана эч кандай шартта” чачырама бомбаны колдонбоого, аны чыгарбоого же сатып албоого сөз беришти. Келишим расмий түрдө 30-майда кабыл алынып, жыл этегинде Осло шаарында кол коюу аземи өтмөкчү. Документ боюнча сүйлөшүүлөр мындан бир жылдай мурун Норвегиянын баш калаасында башталган эле.

Келишимди жактагандар эң кооптуу куралдардын бирин дүйнөлүк арсеналдан жок кылуу багытында олуттуу кадам жасалды деп эсептешет. Жер миналары сыңары
чачырама бомбалар согуштан көп жылдар өткөндөн кийин да жарылып, канчалаган адамдардын өлүмүнө себеп болуп, же майып кылып келатат.

Андай бомбалар жерге түшкөндө жарылып, ачылып кетет, ичинен майда, бирок кубаттуу бомбалар бөлүнүп чыгат. Адатта алар түстүү боекторго боелгондуктан, өзгөчө балдардын кызыгуусун жаратат.

Дублинге кластердик бомбалардан майып болуп калган адамдар да чогулуп, пресс-конференция өткөрүштү. АКШдан келген Кен Рузерфорд 1993-жылы Сомалиде Эларалык куткаруу комитетинде иштеп жүргөндө жарадар болгон. Эфиопиялык Бериху Меселе болсо 1998-жылы кластердик бомбадан жарадар болгон мектеп окуучуларын куткарам деп, эки бутунан айрылган.

Бирок жогоруда айтылгандай, кластердик бомбалардын ири өндүрүүчүлөрү Дублиндеги жыйынга катышкан жок жана келишимге кол коюшпайт. Андыктан бомбалардын бул түрүн колдонуу чындап эле азаябы деген суроо туулбай койбойт. Атап айтканда, долбоорду талкуулоого Кошмо Штаттары, Россия, Кытай, Индия, Израиль жана Пакистан катышкан жок.

Бул өлкөлөр кластердик бомбалар ири аймактарды душман үчүн киргиз кылат деп, аны колдонууга тыюу салгысы келбейт.

АКШ мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Том Кейси анын өлкөсү “Дублинде чогулгандардын гуманисттик камтамасын бөлүшөт, бирок кластердик курал-жарак аскерий пайдалуулугун далилдеди жана алардын арсеналдан жок кылынышы америкалык жана коалициялык жоокерлердин өмүрүн тобокелге салышы мүмкүн” деп билдирди.

Ошентсе да Вашингтон кластер бомбаларын чыгарган өлкөлөрдүн ыктыярдуу кодексин кабыл алуу сүйлөшүүлөрүн өткөрүүгө каршы эмес.

Чачырама бомбалар Камбожа, Косово, Ооганстан жана Ливандагы жаңжалдарда колдонгон.

Хьюман райтс уотч уюмунун маалыматына ылайык, 2001-2002-жылдардын аралыгында АКШнын аба күчтөрү Ооганстандын аймагына 1 миң 228 чачырама бомба ыргыткан. Иракта 2003-жылы америкалык жана британиялык куралдуу күчтөр 2 миллиондой чакан бомба камтыган 13 миң кластердик курал колдонгон.

XS
SM
MD
LG