Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:36

12:20 Өкмөт алдындагы каржы полициясы өз алдынча кызмат болуп кайрадан түзүлөт


Жогорку Кеңеш бүгүн кабыл алган “Өкмөт түзүмү тууралуу” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө ылайык өкмөт алдындагы каржы полициясы өз алдынча каржы полициясы кызматы болуп кайрадан түзүлөт. Долбоордун демилгечиси депутат Зайнидин Курмановдун айтымында, мындай өзгөртүү экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун арттыруу максатында жасалууда. Муну менен каржы полициясынын макамы да жогорулап, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшкөн бирден бир орган болуп калмакчы. Ошондой эле каржы полициясы президенттин, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин көзөмөлү астында болот.(SM)

XS
SM
MD
LG