Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

АКШнын коргоо министри Мянмадагы он миңдеген адамдардын өлүмү үчүн өлкө бийлигин айыптады


Роберт Гейтс бул тууралуу Сингапурда Эл аралык коопсуздук боюнча жыйында билдирди. Гейтс Мянма (Бирма) өкмөтү АКШга эле эмес, башка өлкөлөргө да табигый кырсык аймагына чукул жардам жиберүүгө тоскоол кылганын айтты. Май айынын башында болгон “Наргис циклону” аттуу катуу бороон-чапкындан Мянмада жетимиш сегиз миңдей адам ажал тапканын өлкөнүн режими маалымдады. Дагы элүү алты миңге чукул киши дайын-оту менен жоголууда. Эки миллиондой киши үй-жайсыз калышты.

XS
SM
MD
LG