Сычуан аймагындагы 12-майдагы ири жер титирөөдөн улам дарыя жээктери жырылып, натыйжада он чакты көл пайда болгон. Бул аймактан топон суу каптоо коркунучунда калган эки жүз миңдей адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Калайыкты көчүрүү маалында бир тик учак кырсыкка учурады, анын бортунда 14 киши бар эле.