Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

НАЗГҮЛ ТУРДУБЕКОВА: БАЛДАРДЫН УКУКТАРЫ МЕКТЕПТЕ БУЗУЛУП ЖАТАТ


«Азаттыктын» кезектеги маектеши Балдардын укугун коргоочулардын лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова болду.

-Балдардын укугун коргоо боюнча кандай иштерди жүргүзүп атасыздар?

- Азыркы учурда биз мектептерде балдардын укуктары бузулуп аткан фактыларын көп алдык. Ошонун үстүндө азыр изилдөө өткөрүп атабыз. Бул фактылар мектептерде муктаж болгон, же болбосо атасы, же энеси жок үй-бүлөлөргө мектеп администрациясы жагынан талап катуу болуп атканы билинди. Ошол балдар мектепти таштаганга муктаж болгон чечимге келишет экен. Себеби мектепке акча төлөй албайт экен, китеп сатып алганга алы келбейт экен. Андан тышкары бизде азыр Бишкекте лицей, гимназиялар көбөйүп кетиптир. Эгерде бала орточо үй-бүлөдөн, же болбосо акчасы жок үй-бүлөдөн, же жалаң 4-5ке окуй албаса, андай балдар үчүн 9-класстан жогорку класстарга көчүп окуганга абдан кыйын болуп калат экен.

-Эгерде сиздин маалыматыңыз болсо, бүгүнкү күндө Кыргызстанда мектепке барбаган балдардын саны канча экен?

- Андай статистика азыр колумда жок. Бирок мен айтып кетейин, балдардын мектепке барбаганы массалык түрдө көп болуп кетти. Себеби биз бир-эки мектепти карап чыксак, эгерде 3 жыл мурда бир жарым миңден ашык окуучу балдар болсо, азыр 700-800дөй балдар калыптыр.

-Бүгүн акыйкатчы Турусунбек Акундун акыйкытчы болгонуна 100 күн болду. Ушул аралыкта ал жигит айткан убадаларынын канчасын аткарды, кандай ийгиликтерди жаратты, канчасын аткара алган жок. Ушул боюнча кеп салып кетсеңиз?

- Үч айдын ичинде биз укук коргоочулардын коому Турсунбек Акун менен жана анын аппараты менен тыгыз иштегенге аракет кылдык. Көп эле иш ушул 100 күндүн ичинде жасалды. Биринчиден, бизге эң негизги Омбудсмен аппаратынын алдында укук коргоочулардын кеңеши түзүлдү. Кийин биз коомдор ошол кеңеш аркылуу адамдын укугун коргогонго жеңилирээк болуп калат деп көзүм жетип турат. Андан тышкары Омбудсмендин өкүлдөрү менен чогуу изилдөөлөрдү өткөрдүк, сотторго барып чогуу иштеген учурлар болду.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG