Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:03

07:11 “Де Факто” гезитинин “Бакиевдерге жардам” аттуу акциясы бүгүн да уланат


Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кечээ кечинде башталган марафонго гезиттин 30га жакын окурманы, бир катар укук коргоочулар, саясатчылар, журналисттер келип акча ташташты. Чолпон Орозобекованын айтымында, бул иш чаранын максаты - бир сомдон чогултуп, Бакиевдерге финансылык жардам көрсөтүү болуп саналат. “Гезиттин артында миллиондой окурман бар экенин көргөзгүбүз келип жатат”, дейт Ч. Орозобекова. “Бакиевдерге жардам” аттуу марафон гезиттин редакциясында бүгүн да уланат. Мындан тышкары “Де Факто” гезитин коргоо комитети аталган марафонду региондордо да өткөрүү демигесин көтөрүүдө. Кечээ Биринчи май райондук соту “Де факто” жана “Алиби” гезиттерин бир миллион сомдон айыпка жыгуу чечимин чыгарган. Бул гезиттерди президенттин иниси Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев моралдык зыян тарканы үчүн сотко берген. 2007-жылы аталган эки гезитте адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына А. Салиевдин тиешеси бар деген макала жарыяланган эле.(MSu)

XS
SM
MD
LG