Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

18:15 Нарын шаарында “Де-факто” гезитин колдогон иш чаралар өткөрүлөт


Мындай маалыматты “Нарын kg” медиа борборунун жетекчиси Жаркын Ибраева бүгүн билдирди. Анын айтымында, 4-июнда аталган медиа борбордо жергиликтүү журналисттердин жана ошондой эле бийликтегилердин, кызыккан бардык коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек үстөл жыйыны өткөрүлөт. Ал эми “Де-факто” гезитинин акциясын колдоо максатында “Нарын kg” медиа борбору үч күн боюнча каалоочу ар бир жарандан бир сомдон акча жыйнашат. Каражаттарды атайын түзүлгөн беш адамдан турган курам топтоп гезиттин редакциясына которуп беришет, дейт Жаркын Ибраева. “Де-факто” гезити ушул жылдын 24-январында “Жаныш Бакиевдин баласы жоопкерчиликке тартылабы?” деген макаланы “Алиби” гезитине таянып жарыялаган. Бул макала боюнча Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев сотко даттанып, чубактын кунундай чубалжыган баштапкы соттук отурум акыры 2-июнда “Де-факто” жана “Алиби” гезиттерин ар бирин бир миллион сомдон доого жыккан чечимди чыгарды. (KUs)

XS
SM
MD
LG