Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

Быйылкы жылды Борборазияда кургакчылык болот, суунун тартыштыгы --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/05/F987C33B-503F-4288-BC9C-6525DF57400D.asp айрыкча сезилет деп жатышат. Бу маселе ала жазда эле айрым жерлерде коңшуларды араздаштырганга алып барды. Байкоочулар бул жагдай аймактагы экономикалык кызматташтыкка эле терс таасирин тийгизбейт, саясий кырдаалды, атүгүл улут аралык мамилелерди кучутушу мүмкүн дешет.

Марттын этегинде кыргыз-тажик чек арасында суу талаштан чатак чыгып кете жаздады. Кийин майда эки республиканын президенттери жолугуп, маселени жөнгө салгандай болушту. “Чек ара бойлорундагы бардык иштер мындан ары чыр-чатаксыз, макулдашуу жолу менен чечилмекчи, бул үчүн эки тарап такай сүйлөшүп турмай болушту”, - деп айтты кырдаалдын жөнгө салынганына ыраазы болгон жергиликтүү тажиктердин бири.

Деген менен суу пайдалануу проблемасы жалпы аймакта жакын ортодо чечилиши күмөндөй көрүнөт. Кыргызстан менен Тажикстан жалпы аймактагы суунун 80 процентин берет. Алар суу этегинде турушкан коңшулары Казакстан, өзгөчө Өзбекстан менен бир катар маселелерде алиге чейин тил табыша албай келатышат. Мамлекеттер аралык мамилелерде кыргыздар менен тажиктер суунун товар катары таанылышын каалашат, экинчилери болсо буга караманча каршы. Сууну алар совет мезгилиндей эле бекер алгысы келишет, атүгүл мурда жетишилген макулдашууларга карабастан кыргыздар менен тажиктерден электр энергиясын сатып алгандан да айнып калышты. Сатып алышкан күндө да аны арзан баага бычкысы келет, ал эми өздөрүнүн газын, мунайын арзандатканга суу этегиндегилер эгерим макул эместей.

Эксперттер суу проблемасы региондо мындан ары кыйындабаса дегеле жеңилдебейт дешет. Кризистерди алдын алуу боюнча эл аралык уюмдун Оштогу бөлүмүнүн өкүлү өкмөттөр азыр башка маселелер менен арпалышып, акырындап түптөлүп келаткан чоң жаранын өзөгүн алып салуу удулу колдон чыгып баратканын эскертти. Ал өзгөчө Фергана өрөөнүндөгү жагдайга тынчсыздануусун билдирди. Кокус суудан чуу чыгып кете турган болсо, ал үч республикага бирдей кесепет болушу ыктымал, дейт эксперт.

Борборазиядагы жана Кавказдагы глобалдык суу өнөктөштүгү долбоорунун координатору Вадим Соколов суу эгешинен саясий же башка эрегиш чыгып кетерине көп ишенбейт. Аймактагы өкмөттөрдү быйылкы кургакчылык кайрадан үстөлгө отургузуп, сүйлөшүүлөрдү өткөргөнгө аргасыз кылат болуу керек, макулдашуудан башка жол жок, дейт ал. А кокус талаптар бу жолу да орток пикирге келе алышпаса, анда Кыргызстан кышында коңшулар үчүн суу топтобой, дарыяга агызып, Өзбекстан болсо өзүнүн газ куурун бурап бекитип, азыркыдай эле тымызын “кансыз согуш” кырдаалы улана бериши мүмкүн, деп айтты Соколов жакында Бишкектеги АКИpress агенттигине.
XS
SM
MD
LG