Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

АСАНКАН ЖУМАКМАТОВДУН 85 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНЕТ


6-июнда Кыргыз Эл артисти, Кыргызстандын Баатыры Асанкан Жумакматовдун 85 жылдыгынын урматына Улуттук Консерватория “Дирижерлор парады” аттуу концерт өткөрөт.

Улуттук консерваторияда Асанкан Жумакматовдун 85 жылдыгына арналган концертте маэстронун окуучулары Юрий Фебенчуктун, Нурмат Полотовдун, Евгений Гречконун, Рахатбек Осмоналиевдин, Александр Георгиевдин жана Асанкан Жумакматовдун өзүнүн дирижерлугунда Бетховендин “Жетинчи симфониясы”, Чайковскийдин “Италиялык каприччиосу”, Шуберттин “Бүтпөгөн симфониясы”, Вердинин “Сицилиядагы кеч” операсынан увертюра, Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясынан адажио аткарылат.

Кыргыз Улуттук консерваториясынын проректору Екатерина Лузанова аталган окуу жайдын профессору Асанкан Жумакматовдун Улуттук консерваторияга өтөгөн салымын белгиледи:

-Кыргыз Улуттук консерваториясы ачылгандан берки 15 жыл ичинде Асанкан Жумакматов ондогон дирижерлорду даярдап чыгарды. Ал дирижерлордун алды эл артисттери болушту, симфониялык оркестрлерди жетектешүүдө. Алардын баары эртең Улуттук консерваторияда Асанкан Жумакматовдун 85 жылдыгына арналган концертте чыгышмакчы.

Улуттук консерваториянын дирижерлук факультетинин башчысы, Асанкан Жумакматовдун шакирттеринин бири Бакыт Төлөгөновдун пикиринде, Жумакматовдун музыкалык мектебин СССР учурунда “союздук дирижерлордун лабораториясы” деп аташчу экен:

-Кыргызстандагы опералардын, балеттердин негизинен баарын Асанкан Жумакматов иштеп чыккан. СССР учурунда Маскөөдөгү дирижерлордун көбү опера-балеттерин алгач Кыргызстанда коюшчу. Андыктан Жумакматовдун мектебин “СССР музыканттарынын лабораториясы” деп коюшчу.

Асанкан Жумакматов Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Ал Кавказда, Дондо, Сталинград алдында салгылашууларда болгон. Асанкан Жумакматов Москва консерваториясын аяктап, СССР мамлекеттик симфониялык оркестринде дирижер, Кыргыз опера жана балет театрында, Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде башкы дирижер болуп иштеп, 1969-жылы кыргыз телерадиокорпорациясынын симфониялык оркестрин жана 1984-жылы “Насыйкат” камералык оркестрин түзгөн. Атактуу маэстро кыргыз маданиятына кызмат өтөгөндүгү үчүн өзүн бактылуу сезет:

-Чынында мен кыргыз элинин көптөгөн элдик күүлөрүн оркестрлештирдим, симфониялаштырдым. Элиме кызмат өтөгөнүм үчүн өзүмдү бактылуу сезем.
XS
SM
MD
LG