Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:57

ЖАЛАЛАБАТ: ЧЕГАРА ЖАЙЫНДА БОЛСО КОКУСТУК БОЛМОК ЭМЕС


2-июнда облустун Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтүнүн аймагына Өзбекстандын эки чегарачы жоокери куралы менен кирип келген. Алар чегараны мыйзамсыз кесип өтүү менен айылдын Файзулла Абдырахманов аттуу жаранын кармап кетүүгө аракет кылышкан. Коомчулук өкүлдөрүнүн ой-пикири боюнча мындай окуялар эки өлкөнүн ортосундагы чегара тилкелеринин такталбагандыгынан улам болуп жатат.

Өзбекстандын Үчкоргон чегара бекетинин куралдуу эки жоокери облустун Ноокен районуна дүйшөмбү күнү күүгүм талаш ченде кирип келишкен. Алар кыргыз-өзбек чегара аймагын мыйзамсыз кесип өтүү менен бирге райондун Достук айыл өкмөтүндө жашаган Файзулла Абдрахманов аттуу 1966-жылы туулган жаранын таап, аны коңшу мамлекетке күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан. Кыргыз жаранын кармоого жана Өзбекстанга алып өтүүгө эмне себеп болгонун түшүндүрүшкөн эмес. Бирок алардын максатына жетүүсүнө Абдрахмановдун тууган уруктары менен коңшу колоңдору мүмкүндүк беришпеген.

Облустук ички иштер башкармасынын маалымат кызматынын башчысы Ибрагим Шатманалиевдин түшүндүрмөсүнө ылайык ноокендик тургундар Файзулланы куткарып калууга аракет кылганда өзбекстандык жоокерлер автоматтары менен ок-дары салынган эки кутусун таштай качышкан. Кырдаалдын жөн-жай себептерин иликтөөгө райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын подполковниги Мелис Шералиев баштаган коомдук тартип сакчылары барышкан. Достук айылынын тургундары өзбекстандык чегарачы жоокерлердин эки автоматы менен 50 огун ички иштер бөлүмүнө тапшырышкан.

Ноокен району Өзбекстандын бир нече райондору менен 150 чакырым аралыкта чектешет. Эки өлкөнүн ортосундагы чегаралары аныкталбагандыктан буга дейре бир канча чегара жаңжалдары болуп келгени коомчулук үчүн жашыруун эмес. Райондун тургуну Бакыт Ажыбаевдин көз карашында чегара жайларында корукка алынбаган жайлар көп болуп, кыргыз аймагына жетиштүү түрдө сакчылар коюлбагандыктан Өзбекстандан майда жандык, бодо мал өтөөрү көнүмүшкө айланган. Ажыбаевдин сунушу боюнча коңшу мамлекеттер арасындагы ар түрдүү мыйзамсыздыктар менен олуттуу коркунучтардын алдын алуу үчүн чегара жайларын делимитация жана демаркация иштерин батыраак бүтүрүп, коңшулардын ынтымакта жашоосуна шарт түзүлүшү зарыл:

- Биздин Ноокен району Өзбекстан менен чектеш болгондуктан 150 километрден ашык жер бар. Анын ичине талаа сыяктуу эл жашабаган аймактар кирген. Ошол жердин көбү көзөмөлгө алынбагандыктан ушундай окуялар болуп атат. Өзбекстандыктар өтүп келип, кээде мал-койлорду алып, адамдарга кыр көрсөткөн окуялар болуп турганы барыбызга белгилүү. Мындай окуяларды алдын алуу үчүн биздин чегараларды тактоо зарыл. Чегара постторун эле эмес, жанагыдай талаа жерлерди дагы көзөмөлгө алганга жетишишибиз зарыл деп ойлойм.

Жалалабат облусу менен Өзбекстандын ортосунда жыйырмадан ашык тактоону талап кылган чегара жайлары бар. Достук айылындагы чегара окуясы да ал жерге чегара күзөтү коюлбай, ээн калгандыктан болгон деген да пикирлер жок эмес.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG