Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:37

Сенатор Хиллари Клинтон президенттик жарыштан чыккан жатат


Муну менен ал атаандашы сенатор Барак Обама Демократиялык партиядан АКШнын президенттигине талапкер болуусу үчүн жол бошотууда. Клинтондун шайлоо штабы берген маалыматка караганда, ал жактоочуларына ыраазычылык айтып, Барак Обамага колдоо көргөзүп, партиясын биримдикке үндөгөн билдирүүнү алдыдагы ишемби күнү жасоону көздөөдө. Барак Обама Демократиялык партиянын жалпы улуттук курултайында президенттике талапкер катары бекитилиш үчүн талап кылынган делегаттарды жетиштүү санда ички партиялык шайлоонун эң акыркылары аяктаган соң топтой алган эле. Ал эми 4-ноябрга белгиленген шайлоодо Республикалык партиянын талапкери, сенатор Жон МакКейн менен атаандашат. Барак Обама - АКШнын негизги эки партиясынын биринен президенттикке талапкер болуп жаткан биринчи ындыкара саясатчы.

XS
SM
MD
LG