Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

07:10 “Де Факто” гезитинин “Бакиевдерге жардам” аттуу акциясы уланууда


Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекованын “Азаттыкка” билдиришинче, 2-июндан тартып Бишкекте жүрүп жаткан акцияга жалпысынан 17 820 адам катышып, бир сомдон таштап кетишти. Акча таштагандардын ичинде Өмүрбек Текебаев, Аликбек Жекшенкулов, Роза Отунбаева, Темир Сариев сыяктуу белгилүү саясатчылар бар. Ушул күндөрү гезитти колдоо максатында ушундай эле акциялар Нарын, Талас жана Караколдо жүрүүдө. “Бакиевдерге жардам” аттуу иш чараны Ошто да өткөрүү демилеси көтөрүлүүдө. Гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова учурда Шаардык сотко аппеляциялык арыз даярдалып жатканадыгын билдирди. 2-июнда Биринчи май райондук соту “Де Факто” жана “Алиби” гезиттерин бир миллион сомдон айыпка жыгуу чечимин чыгарган.(MSu)

XS
SM
MD
LG